www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө жоголсо кара жерге кирсин, килтейген Байтиктин Боз-Бөлтөгү жоголуп баратпайбы. Байтиктин Боз-Бөлтөк тоосунун батыш тарабындагы кичирээк тоо курулуш үчүн казылып, дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр куруучулар Боз-Бөлтөктүн негизги тоосунун капталын каза баштаган. Берилген отуздан ашык лицензияларды карап көрсө, тоонун батыш жак жарымы толугу менен жок болуп, Бишкек-Байтик жолуна чыккан капталы гана кала тургандай. Улуттук илимдер академиясынын – ал тоодо Кызыл китепке кирген жана сейрек кездешчү өсүмдүктөр менен жаныбарлар бар, алар жоголуп кетиши мүмкүн деген корутундусуна курулуш ишканалары көңүл да бурбайт жана алар жергиликтүү эл менен дагы тил табышуу максатында сүйлөшүү жүргүзбөстөн, өз ишин улантууда.

Чыңгызхан уруш алдында наристелер төрөлбөсүн деп тыюу салчу, балдар төрөлбөй жүрүп монголдор аз санда болуп калган. Анын үстүндө монголдор өз динин кармашпай кимдин дини болсо кабыл алып, кайсы элге болбосун аралашып кетчү. Бир гана Чыңгызхандын тукумун эсептегенде дүйнө жүзү боюнча 3 миллиондон ашып кеткен. Алар казак, орус, өзбек, уйгур, татар, башкыр, азербайжан жана башкаларга аралашып кеткен. Биздин кыргыздарда да бар.

Андан тышкары Чыңгызхандан калган бир адат бар эле. Баш көтөргөн  мыкты адамдардын жакшы көргөн балдарын өз ордосуна алып, барымтага кармап турчу. Кокустан алар ага каршы чыга турган болсо барымтадагы балдарынын көзүн тазалап койчу. Кокон хандыгы муну унуткан жок, алар Шералы хандын убагында солтонун баатыры Чыңгышты барымтада кармап турушту. Аны койо бергенде кытайлык ашпозчусу Шао-Маону (Шама) кошуп берген. Шао-Маону кытай дешип эл жүдөтө бергендиктен Чыңгыш: “Шаманы өзүңөрдөй көргүлө”  деп катуу зекиген. Шао-Маодон (Шама) Атамбай, андан Исак, андан Шаршен. Алмазбек Шаршенович Кыргызстанга президент болгон. Айтылуу Жантай хандын уулу Шабдан да көп жылдар барымтада жүргөн, ал жерден бошонор менен Кокон хандыгына каршы күрөшкөн. Байтиктин баласын да Кокон хандыгынын Бишкек чебинин кожоюну Рахматулла барымтада кармап турган сөз бар. Кандайдыр бир себеп менен Байтиктин баласын бычып салган деген кеп бар. Бирок Байтиктин баласы Байсал өзүн бычтырмак түгүл бардыгынын акесин таанытып койчу экен. Анан Байсал Рахматуллага бычтырмак түгүл, анын өзүн бычып коймок. Бул биринчи, экинчиден Байтиктин дагы бир уулунан Түгөлбай Сыдыкбековдун байбичеси төрөлгөн. Эгер баланы бычып салышса андан тукум уланмак эмес. Жөн эле Байтикти көрө албагандардын чыгаргандары болсо керек. Рахматулла сарттын башын алган соң Байтикти алар жакшы көрмөк беле, алар ушак-айың чыгарышса керек.

Байсал тууралуу заманында жакшы кептер чыгып турган. Шабдан баатырдан сурашат, кайсы уул тың болуп өстү деп ойлойсуң деп. Шабдан ойлонбой туруп Байсалдай адам барбы дейт. Бир жолу көрө албастыктан Шабдан Байтикти Верныйга алып барып каматат. Бирок Шабдан каматканы күбүр-шыбыр болуп калат. Ошол мезгилде Байсал келип “Досуң камалып жатат, чыгарып келбейлиби” дейт. Шабдан өзү каматса өзү чыгармак беле, жок шылтоону айтып барбай койот. Байсал барып гүбүрнатырдан жолдон кырк унаа мингизсин деп кат жаздыра келет. Шабдан катты окуп кырк жылкы мингизет. Буларды минип кеткен Байсал кайра артка кайтарбай койот, тияк-биякка арызданып жүрүп буларды Шабдан ала албай калат. Экинчиси дагы Верныйга барып-жүрүп Байтиктин башын куткарып чыгарып келет.

Үчүнчүсү, Байтик өлгөндө ашын Шабдан жетектейт. Солтонун жигиттери бир сарыбагышты өлтүрүп салат. Шабдан Байсалга келсе “Досуңдун ашы бүтсүн, анан териштиребиз” деп койот. Макул болуп жүрсө, өлгөн сөөктү сарыбагыштарга алып барып таштайт. Кийин аш бүткөн соң Шабдан келсе Байсал: “Өзүңөр өлтүрүп алып эмне доомат кыласыңар” деп койот. Шабдан бул иштин артынан түшүп Өзбекти ортого салат. Өзбектин көзүнчө да Байсал танып, бирок кумсарып мурдунан кан атып чыгат. “Канга-кан” деп Шабдан дагара тосо коюп, ошол бойдон кунун албай кала бериптир.

Байтик Канай уулу 1822 жылы  Чүй өрөөнүндө туулуп,  1886 жылы азыркы Аламүдүн районундагы Байтик айылында көз жумган. Ал солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик адегенде Кокон хандыгы менен өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон.

Бишкек чебинин беги Рахматулла-даткага каршы 1862-жылдагы көтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары Дуулат Көкүм жана Чойбек Рахматулланы жок кылган. Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Орусия империясынын карамагына өтүүсүнө жана Орусия менен Кыргызстандын байланышын чыңдоого түзден-түз салым кошкон.

1867-жылы солтодон Байтик, сарыбагыштан Шабдан кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр IIнин кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Орусия империясына кылган кызматы үчүн ага капитан аскердик наамы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени жана каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.

Мындан сегиз кылым мурун дүйнөнү дүңгүрөтүп турган монголдор саны жагынан өтө чакталуу 3 миллиондон бир аз ашкан эл. Эгерде бир гана Чынгызхандын ааламга тараган тукумдарын эсептесек, монголдордон көптүк кылат. Анткени, Чыңгызхандын тукумдары өзбек, орус, украин, перс, казак, башкыр, татар сыяктуу толгон калктын арасына сиңип кеткен. Учурунда ушул жерлерде мамлекет башына бир гана Чыңгызхандын тукумдары келе турган. Ал эмес Мамай ханга окшогондор ошол тукумдан кыз алышып гана бийликке жетишкен. Баса, Иван Грозный деген орус падышасы түздөн-түз Мамайдын тукуму болуп эсептелет. 1380-жылы Кулиководо салгылашуу эки монголдун ортосундагы эле салгылашуу болот. Орустар эки жакта тең эле, Дмитрий Донской аскер башы эмес, көптөгөн княздардын бири болгон. Бирок орустар өз атагын чыгаруу Дмитрий Донской аскер башы кылып көтөрмөлөп салышкан. Чыңгызхандын балдарынын тукумдары менен күйөө баласы Мамай салгылашса керек. Чыңгызхан салгылашууга чыгар алдында наристелер төрөлбөсүн деп тыюу салчу экен, анын буйругун укпай боюнда болгон келиндердин башын алып салчу дешет, ушул себептен монголдордун саны аз болсо, дагы бир себеби монголдор кайсы жерге барса ошол элдин динин, тилин кабыл алышып, ошол элге сиңип кеткен. Коронавирус алдында башка “Чыңгызхандар”  да чыкты, Чыңгызхандын түз тукуму Казакстандын президенти Касым -Жомарт Токаев казак элине тойлорго беш жылга тыюу салган. Демек, казак жаштары беш жылга үйлөнбөсүн деп ата-теги Чыңгызханды туурап, наристелердин келишине каршы болуп жатабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости