www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уйгур, бирок энеси кыргыз Оргалча деген сүйкүмдүү аял бийлик эшалонунда пайда болгон. Анын дүң чыгышынын башкы себеби уучтаганды жакшы көргөн Оргалча көтөн зордукка салып Жанар Акаевдин ордун көздөп, аны кубалап, бир-эки күнгө депутат болуп калган жери бар. Жанар Акаев да бирөөнүн баласы да жөн турбай сотко кайрылып өз ордун кайра алган. Мына ушул Токтобүбү айым президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атын жамынып, мыйзамды айланып өткөн көз будамайлаган иштерге көп аралашып жатканы айтылып келет. Мыйзамды көзгө илбеген Токтобүбү Оргалча айым президенттин жубайына таянып эркелей береби? Мына ошондон уламбы, же мыйзам бул айым үчүн түккө турбайбы, айтор анын өзүм билемдик жоруктары, ал аз келгенсип миллиондогон сом салык төлөбөгөн тоготпостугу коомчулуктун көзүн өйкөгөн тирсек болду. 

Алсак, анын Ошто жайыттын жерине Бажы терминалын куруп, иштетип жатканы кандай? Ошондой эле, Токтобубу Оргалча айым негиздеген учурда  Ош облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан  «Азия ТНК» ЖЧКсы мамлекетке 1 миллион 975 миң сом салык боюнча ири карызы бар экен. Амалкөйлүк кылып, ЖЧКнын юридикалык дарегин алмаштырып койсо эле, мамлекетке салык төлөбөй калам деп ойлойбу? 

"АЗИЯ ТНК" ЖЧКсынан сырткары, Токтобубу Оргалча айым  негиздеген «Топформ Кейджи» (бишкек шаарынын, Свердлов району) ЖЧКсы 1-апрелге карата мамлекетке 3 миллион 410 миң сом салык боюнча ири карызы бар экени, ошондой эле дагы бир "МегаКомпани" ЖЧКсы да мамлекетке  663 миң сом салык боюнча карызы бар экендиги Салык кызматынын сайтында ачык булак катары жарыяланып турат. Токтобүбү Оргалча айымга тиешелүү бул ири карызы бар ЖЧКларды учурда анын күйөөсү Нурсланбек Балтабаев жетектеп келет. Ал эми сайтта аталган ЖЧКлардын директору катары көрсөтүлгөн Руслан Бечелов бул кызматтан алынган. ЖЧКларга учурда тиешеси жок экени тиешелүү органдарга белгилүү дешет. 

Азыркы кездеги Токтобубу айымга  таандык делген "МегаКомпани" ЖЧКсы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагына караштуу Каратай айылында Жайыт комитетинин жер участогуна мыйзамсыз түрдө капиталдык курулуш куруп, аны Бажы терминалы катары пайдаланып жатат. КРнын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Бажы кызматынын төрагасы  Самат Исабеков жайыт катары пайдаланууга берилген аймакка Бажы терминалын куруу мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, бул маселеге көңүл буруп, чара көрүшү милдет. Жайыттын жерине эч кандай курулуш курууга, унаа токтотуучу жайга айландырууга жана жүк сактоочу жай катары пайдаланууга мыйзам жол бербейт.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы жана Жайыт комитетинин төрагасынын  мындай мыйзамсыз териштирип жоопкерчилик маселесин карашы зарыл. Деги эле, тиешелүү мамлекеттик кызматтар мындай мыйзамсыз иштерге көңул буруп, мыйзам бузган тараптарды жоопкерчиликке тартышы милдет.

Жогору Кеңешке "Альянс" партиясынан ат салышып, ортодон Жанар Акаевдин ордуна депутат болуп отуруп кала жаздаган Токтобубу Оргалча эсиңиздердеби? Учурда, бир орун бошосо эле депутат болом деп шымаланып даяр. Оргалчанын аты, Жанар Акаевдин ордун алам деп «Альянс» партиясынан сүргүсү келгенден баштап, эл оозуна алынган. Ал Жанар Акаев менен депутаттыкты талашканда «үлкөн» үй-бүлөнүн тиешеси бар деп чыккан. «Үлкөн» үй-бүлөнүн алы аны депутат кылууга жетпей койду, бирок базарда алып сатарлык кылууга сыртынан көзөмөлдүк кылганга жетет экен. «Альянс» партиясы боюнча «Түшпөс хан» Шайлдабекова башында турган БШК 2021-жылы 15-декабрда Жанар Акаевди мурунтуктап ордуна Оргалчаны депутат кылган. Мандат албай калган Акаев сотко кайрылган, сот анын талабын 21-декабрда канааттандырган. Анда депутаттык антты Жанар Акаев берип Оргалча «оргалып» калган. Кытайлык Оргалчанын депутат болушу «Көп чатактын башы, Көкөтөйдүн ашындай» болгону баратып, оомат Жанар Акаевге өткөн. Оргалча кытайдан келгенинеби кээ бирөөлөр уйгур дешет. Мыйзам боюнча башка улуттун өкүлү депутат болгонго тыюу салынбайт. Бирок Кытайдан келген башка улуттун өкүлү депутат болсо өөн учурайт. Себеби, Оргалча «уйгур, кытай, шпион» дегендер чыгышты. Буга жооп кылып Оргалча таятасы көлдүн Талды-Суусунан экени айтылып чыкты. Ошондуктан көлдүк мамлекеттик башчысына жакын деп да чыгышты. Барынан кызыгы еврейлер эне жагынан уруу сүрүштүрүп келишет. Оргалчанын эне тарабы кыргыз экенин өзү жазды,ал эми ата-теги ким, ал тууралуу кеп да кылган жок. Эмне үчүн ата-тегин жазбайт?

Кытайлык Оргалчанын Жанар Акаевдин ордуна депутат болушу чоң ызы-чууну жараткан. «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» мамлекет башчысы алмашкан соң Конституция да, Шайлоо кодекси да өзгөрүлгөн. Жаңы шайлоо кодекси боюнча гендердик саясатты туура колдонуп, аялзатына жол ачыш үчүн эркектердин жолу буулуп 4957 добуш топтогон Жанар Акаевдин ордуна 1286 добуш алган Кытайдан келген Токтобүбү Оргалча парламентке келе турган болгон. Бул тууралуу Шайлдабекованын көрсөтмөсү менен БШК мүчөсү Жылкыбаев жылмалап түшүндүргөн. Жанар Акаев учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болгон. Атакесинин көңүлүнө төп болгон соң аны СДПК партиясы менен 2015-жылы парламентке депутат кылган. Арийне, депутат болор менен аны жетелеп келген Атамбаевге каршы чыгып экс-президенттик статусун алууга чоң салым кошкон. 2020-жылы ал Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына кирип шайлоодон өтпөй калган. 2021-жылы Атамбаев «Социал-демократтар» партиясына чакырып, бирок «Альянс» партиясы менен шайлоого аттанган. Бир кезде Атамбаевди каматууга өбөлгө болсо, эми Атамбаев бошонсун деп жулунуп турат. Бул шайлоодо анын ордуна кытайлык улутташыбыз Оргалча келе турган болуп, анын келишине канайым Айгүл Жапарованын тиешеси бар деп чыгышкан. Мамлекет башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбаевдин билдирүүсүнө караганда, биринчи леди Айгүл Жапарованын Оргалча менен эч тиешеси жок, ал эмес аны тааныбайт деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости