www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деги чынында Тазабек Икрамов деген ким пиар үчүн орозодо Кемпир-Абад үчүн камалгандарга боор ооруп жатабы же Нургазы Анаркулов айткандай бандитпи? Тазабек Икрамов өткөн парламенттик жыйында «Акела –сакела» деп көп тантый турган. Бул ирет Жээнбеков менен кармашып, аны желкелеп депутаттык орунду алган соң, мурункудан бир тепкичке жогорулаганын билдирди. Икрамов ыйык Орозо айында абакта отурган саясатчы, активисттерди бошотууну бийликтегилерге сунуштады: "Ар нерсенин тартиби, эрежеси болот. Жашоо тартиби, иш тартиби дегендей. Орозо кармоонун да тартип, эрежелери бар. Ооз жабуу, ачуу Орозонун эрежелеринин бир бөлүгү гана. Андан тышкары Орозо маалында кечиримдүү болуу, бирөөгө кыянаттык жасабоо, калп айтпоо жана башка Кудайдын жазган өкүмдөрү бар. Эгер чындап Жаратканга ишенип, андан корккондор болсо учурдан пайдаланып кыйшык иштерди түздөп алууга неге болбосун. Айтайын дегеним, мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта олтурушат. Бийликтин душмандары башкалар.
Ыйык Орозо айынын ар бир мүнөт соопчулугун текке кетирбей колдонуп калгыла. Ошондуктан, ооз ачып, бекитип коюу менен Орозонун милдеттерин аткардым деп ойлоп жатсаңыздар жаңылышасыздар. Алла жазган мыйзамды айланып өтө албайсыңар. Кемпир Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек", - деди Икрамов.
Учурдагы бийликтин ишенимдүү өкүлдөрүнүн бири, журналист Нургазы Анаркулов, ЖК депутаты Тазабек Икрамовду “бандит”, деп атаган.Төмөндө Анаркуловдун пикири толугу менен:
"Тазабек Икрамов ким? Чындыгында бул адам ким?
Журналист катары мага көп адам кайрылды. Өз оюмду жаздым...
Кыргызстанда акыркы учурларда коомдук аң-сезим, түшүнүк аябай эле деградацияланып, жетер жерине жетип кетти. Социалдык тармактардын өнүгүүсү менен жалданма жазмакерлер, мактагыч, жактагычтар пайда болуп, алардын арты менен коррупционерлер, бандиттер, чоң муштумдар кадыр-барк күтүп, мыкты депутат, мыкты саясатчы аталган абалга келдик.
Мына ошондой мактагыч, жактагычтардын аракеттери менен акыркы учурларда ЖК депутаты Тазабек Икрамов мыкты аталып, басып өткөн жолу үлгү болорлук, жаман, мыйзамсыз иштерден алыс, калыстыгы жанда жок, принципиалдуулугу адамда жок катары сыпатталып жаткандыгы күйдүрбөй койбойт. Эгерде бүгүнкү кыргыз коому, кыргыз саясаты Тазабек Икрамовго окшогондорго күнү түшкөн болсо, жыргаган экенбиз. Айтайын деген оюн эптеп жеткире албай, сөздөрдү так айта албай күлкүгө, шылдыңга айланган, мыйзамдарды жазууну мындай кой, түшүнө албаган адамдын ЖКнын мыкты депутаты аталып жатканына же күлөөрүңдү, же ыйлаарыңды билбейсиң. Анын өзүнүн өмүр баянын жаза аларын деле бир кудай билет. Качантан бери билимсиз, деңгээли жок, көрөңгөсү боштор мыкты болуп, бааланып, баркталып калган? Эптеп септеп сүйлөп, кыйналып кысталып атып башкаларды сындаган пикир айтып койсо эле аны баатыр, укмуш кылган көрүнүштөр качан токтойт? Же акчасын төлөсө, шайтанды периште, арамды адал, жаманды жакшы, кылмышкерди машаяк кылган коомго биротоло келдикпи?
Аныгында Тазабек Икрамов деген ким? Мурдагы бандит, рэкет. Көптөгөн адамдарды карактап, талап-тоноп, далайларды ыйлаткан, сыздаткан, азапка батырып, тагдырларын талкалаган кара дүйнөнүн өкүлү. Анын кылмыштуу, мыйзамсыз, шектүү иштерин санап отурсаң, санак жетпесе керек. Анан Тазабек Икрамовдун «өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, башкалардын башындагы чөөлөрдү көргөнүнө» жол болсун! Башкаларды сындап, акыл айтып, адалсынардан мурда күзгүнү бир карап койсо болор эле.
Андыктан кыргыз саясаты Тазабек Икрамовго окшогондорго күнү калган болсо да, аны чеги менен мактап, жактасаңар боло. Жогорку Кеңештин сапаты, деңгээли чакырылыштан чакырылышка начарлап баратканын айтып, наалып калабыз кээде. Эгерде бүгүнкүдөй көрүнүштөр мындан ары да уланып, биртке акчасын берип койсо, айга, күнгө теңемей, одаларды арнамайлар улана берсе, анда эртең адам өлтүргөн коркунучтуу кылмышкерлер да акыл айтып, сындаган учурга барабыз", - деп жазган Нургазы Анаркулов.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg