www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туура кылат, Тажикстанда кыргыздар айыл өкмөтүнө да башчы боло албайт. А биз тажиктерди далыдан сыйпап министр, вице-премьер, Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директоруна чейин алып барабыз.  Айрыкча Равшанбек Сабиров түрмөгө камап койсо «ворлор» менен дос болуп чыгат, президенттердин башын айлантып тез эле бийликтеги эң даамдуу орундарга жармашат. Тажикстандагы кырдаалдардан улам Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Орусиядагы тажиктердин кыргыздын паспорттун каалаганындай алып, пайдаланып жатканында бир мандем бар. Бийлик ишенген Равшан Сабиров деген кайсы ооматтуу кызматта отурган. Ал «сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» неме, түрмөнүн түбүндө отурса да «колуна карга чычып» турган буржуй. Иштебеген мыкты кызматы жок. Азыр, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директоруболо турган. Андан мурун деле вице-премьер жана башка ырыстуу жерлерде иштеп келген.  Учурунда Вице-премьер-министр Равшан Сабиров белгилүү кримтөбөл менен байланышы бар деген кептер чыккан. Сабировдун айтымында, ал чындыгында эле мыйзамдагы ууру менен бир эле колонияда жаза өтөгөн, бирок абактан чыккандан кийин аны көргөн эмесмин жана байланышкан жокмун деп жанын жеген. Сарттарга ким ишенет?

Равшан Сабиров № 47 колонияда түрмөдө отурган. Ошол учурда булар спортко активдүү катышып, бардыгын чакырып, футболдук команда түзүп, шахмат жана волейбол ойночу. Абактан бошоп чыккандан кийин Равшан Сабиров белгилүү кримтөбөл же болбосо ага караштуу адамдардын бири менен дагы байланышкан жокмун деп танып жүрөт. Буга чейин социалдык тармакта Равшан Сабиров жана мыйзамдагы ууру менен уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөру менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. 

 «Кыргыз менен тажик элинин ортосундагы турмуштук көйгөйлөрдү дипломатиялык жолдор менен чечүү үчүн биздин бирикме бардык күчүн жумшайт" деп каңгырап жүргөн  Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин Абуабдулло Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин жетекчиси, Атамбаевдин убагында пара менен кармалган, азыр Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунан бошотулган Равшанбек Сабиров.

"Кыргыз-тажик мамилелери учурда абдан жакшы өнүгүп жатат. Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда этникалык кыргыздар, ал эми Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат. Ооба, Баткен облусунда кыргыздар менен тажик элинин ортосунда кээде турмуштук көйгөйлөр жаралып калып жатат. Биз тууган эл экенибизди унутпашыбыз керек. Достугубуздун 1000 жылдык тарыхы бар. Алсак, улуу "Манас" эпосундагы Санирабига эжебиз акылдуулугу, мээримдүүлүгү менен кыргыз элинин урматына алынып, Каныкей деген ысымга ээ болгон.

"Манас" эпосун тажик тилине которуу алгачкы кадамыбыз. Буюрса, кийинчерээк "Семетей", "Сейтек" эпосторун которуу пландарыбыз бар", - дейт Р. Сабиров.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости