www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Текебаев кызматынан кетчүдөй

Көнгөн адаты боюнча Батышты мактап, өзүнчө эле «пиар»  уюштуруп жүргөн Текебаев тууралуу кеп болгон жок. Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат болгон берки Текебаевдин пиары элди иренжитип жатат. Ал жана жакшы кошоматчысы Мурат Соорбеков  31-августта президент бара турган Ноокат жолун чала-чарпы оңдомуш болуп жатат. Жапаров барып келер менен кайрадан бул жолдун ишпалдасы чыгары белгилүү. Текебаев жана жакшы кошоматчысы Мурат Соорбеков  экөө кокус президент баргыча Ноокат жолун бүтпөсө кызматы «оомийн» болорун эскерткендер бар. Биздин чиновниктерди мактантып эле койсо, оо-у дүйнөдөгү эч бир улутту алдыга чыгарбайт го, чиркин. Теңтайлашса бир гана каны бир делген казак туугандар атаандаша алышы мүмкүн. Калгандарды чаңыбызга калтырабыз. 

Апыртып, көбүртүп-жабыртып киргенде, өз калпыбызга өзүбүз ишенип алабыз. Жанагы элдик оозеки чыгармачылыктагы калп айтуу жанры биздин элде эле калыптанса керек. Башка улуттардын адабий жанрында бар болду бекен?

Ошол себептен, биз томуктай ишти тоодой кылып көбүртүп жиберебиз. Кудум, Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы 3 километр тоннелге 4 ай дегенде араң асфальт-бетон басканын айтып-түгөтө албай мактанып жаткандай... 

Пиарды дагы жугумдуу, сиңимдүү кылып жүргүзө алышпайт, кургурлар. Анан илең-салаң болуп чубалып жүрүшүп, жедеп элди жүдөтүп жатып эптеп бүтүргөн иштерин айлап пиарлатып мактантып коюшса, асманды айтышат. 

Мына буга Текебаевдин 4 ай дегенде эптеп 3 километр тоннелге асфальт басканын жоктон бар кылгансып пиарлатып жатканы айкын мисал болот. 

Ырас, эч болбосо кеч болсун дегендей, тоннелдин ичиндеги тамтыгы чыккан жолдун оңдолуп калганына дагы шүгүр дейли. Болгону, өз милдеттерин мактанбай эле өз убагында жүдөшпөй бүтүрүп коюшса, мактанышпаса деле эл баалап, ыраазы болуп алкашат. Элден өткөн тараза болбойт. Сөзсүз эле айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат болуш керек эмес...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg   

Последние новости