www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канат Исаев камалар менен Чүйдүн олигархтары чоң кызмат ала баштады. Темир Сариев президент болду, Бакыт Жетигенов Ош шаарына мэр болду. Бул жерде саңырсыган майдын жыты чыккан жокпу? Оштун жаңы мэри Бакыт Жетигенов кадр саясатында ката кетирип баштады. Ага карата эмитеден эле нааразы пикирлер айтылууда. Ал алгач эле ишти өзүнө кеңешчи дайындоо менен алек болду. Муктар Зулпукаров деген этеги жаман жеринен айрылган немени кеңешчи кылып жанына ээрчитип алганын көпчүлүк жактырган жок.

Муктар Зулпукаровдун өткөн чагына саресеп сала турган болсок, анын кылмыш чөйрөсү менен байланышы болгондугу, андан башка да былыктары калкып чыгууда. Оштун эли ишенип, үмүт артып турганда, Бакыт Жетигенов туура эмес кадамдарга барбаш керек эле. Эмитеден эле терс пикирлер айтылып баштаса, арты кандай болоору белгисиз. Жетигенов өзү адам катары мыкты, депутат катары да бир топ пайдалуу мыйзамдардын автору. Эми ошонусунан жазбаса эле болду. Анын үстүнө мамлекеттик кызматта биринчи жолу иштеп жатат, бечара.

Зулпукаров эмгек жолунда бир катар жеке менчик ишканаларда директор, спорттук мектептерде машыктыруучу болуп эмгектенген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон. Эл оозунда ушундай нерсенин бары  анын кылмыш чөйрөсүндө күч кубаттуу «могикан» экенин билдирет. Эгер кылмыш чөйрөсүндөгү адамдарды Ош мэри  Жетигенов өзүнө кеңешчи кылып алып жатса, анда мурун соттолуп келген президент тууралуу сөз болушу мүмкүн. Муктар Зулпукаровду мэр эмес президент кызматка алып жатыптыр деген, ушундай жаман сөздөрдүн азыркы учурда кимге кереги бар? Же кылмыш «авторитеттисиз» Кыргызстан кыймылдабай калдыбы? Ушундай алешемдиктен улам Бакыт Жетигеновдун бакты ачылбай мэрлик доору эртеле эле аяктайбы?

Соода-өнөр жай палатасынын президенттигин шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев президент болуп шайланды. Жыйында талапкерлер өзүнүн программасы тааныштырышты. Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган. Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу. Палатанын мурдагы президенти Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен. Темир Сариевдин таскагына көңүл буруш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости