www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атаганат, байыртан кыргызды эл катары сактаган, мамлекетин курууга башын сайып койгон Барсбек, Тагай бий баштаган улуу инсандар өткөн. Кечээ, ХХ кылымдын 20-жылдары Кеңеш өкмөтүн курууда топтон суурулуп чыгып, каруусун казык кылып, Кыргыз автономиялуу облусун, андан кийин республикасынын пайдубалын түптөп, мамлекет курууга белсенип киришкен алгачкы муундагы коммунист-лидерлердин көбү ак жеринен айыпталып репрессиянын курмандыктары болушпады беле.

Ошол улуу инсандардын мамлекеттик ишмердүүлүгү – патриоттуулуктун, мекенчилдиктин чыныгы символдору. Бирок ошолордун бирине да азыр Исхак Раззаковго көрсөтүлгөндөй сый-урмат көрсөтүлгөн эмес. Аскар Акаевдин тушунда И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, А.Сыдыков, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Б.Исакеевдердин юбилейлик даталары болду, бирок, ал кездеги өлкө башчысы Аскар Акаев кооз сүйлөп, элге жомок айтып жүрүп, алардын өрнөктүү өмүрүн, ишмердүүлүгүн даңазалап, улутка кызмат кылуунун бийик үлгүсү, асыл наркы катары көрсөтүп, өлкөнү өргө багыттаган, мамлекеттүүлүктү бекемдеген идеологияга айландыра алган жок.

Алгачкы муундагы өлкө жетекчилерин улут лидери катары баалап, сый-урмат көрсөткөнгө Аскар Акаев жараган жок. Себеби ал Батыштын буюртмасын аткарып, коммунисттик системаны демонтаж кылып, “демократиялык коом курам” деп, же анысын ишке ашыра албай, өлкөнү бөөдө ара жолдо калтырды. Ал бардык нерсени саясый оюнга, утурумдук кызыкчылыктарга айландырып, чайкоочулук саясаттын ракурсунан карап, учурунда шайлоодо добуш алыш үчүн керек болгон экен, Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келди.

Көрүнүктүү инсандардын өмүр баяндары жазылып, китеп болуп чыгып жатат. Коммунисттердин заманында социалдык теги “кедей -дыйкан” катмары жогору бааланса, азыр андай кара таман болгондон арданып, баары эле “датка, бай, бий, болуштун тукумунан” деген модага айланды, карап көрсөк, теги карапайым адам кыргызда жок экен. Ал эми мурдагы чоң уурулар азыр уруулардын сыймыгына айланып, ишмердүүлүгү күмөндүү Алыбекке окшогондорду идеал кылууга аракет кылып, андайларга эстелик койгондор да бар. Кийинкилерден кызматы көтөрүлгөндөрдүн жети атасынан бери эч нерсе көрбөгөн куу этек болсо да “атасынын казаны майлуу болчу” деп экс-коррупционерлер кошомат кылып мактап калышат, себеби, ошентип жүгүнүп, жагынып протекция менен сүйрөп келаткан баласынын кызматын чоңойтот, антпесе коррупционерлердин династиясы уланбай калбайбы.

Исхак Раззаковдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү тууралуу негизинен мазмуну окшош, бири-бирин кайталаган, бир жактуу мактаган китептер, жүзгө жакын макалалар жазылды. Бардыгында “кыргыз тилин орус мектептерине киргизген” чечими эрдик катары айтылат да, бирок, ошол чечимди “бул жаңылыш чечим болгон” деп Исхак Раззаков өзү кайра жокко чыгарганы эч кимди кызыктырбайт, көмүскөдө калтырышат, тактап да коюшпайт.

Улуу инсанды көкөлөтө мактап Сооронбай Жусуев “Раззаковдун тагдыры” деген 30 басма табактан турган ыр менен роман жазды. Анын романы Исхак Раззаковдун өмүр жолунун хроникасындай эле кабыл алынат. Чыгармада улуу инсандын образы ачылбай калган, каармандын жандүйнөсү, ой-санаасы психологиялык жактан иликтенген эмес, мүнөздөрдүн, көз караштардын кагылышуусуна алып келген конфликт жок, ортозаар роман. Лириканын чебери эч качан эпикалык чыгарма жазалбай турганын Сооронбай Жусуев ушул чыгармасы менен кашкайта далилдеди. Исхак Раззаков тууралуу тартылган документалдуу фильм да оңунан чыкпай калган.

Кыскасы, Исхак Раззаковдун жандуу образын түзгөн, ички дүйнөсүн терең изилдеп, трагедиясын тоталитардык системанын контексинде ачып берген документалдуу баян, же көркөм чыгарма азырынча жарала элек. Осмонакун Ибраимов Раззаков жөнүндө китеп жазам деген ниетин билдириптир, жазса аны да көрө жатарбыз. Экс-депутат Жоробековдун Раззаков жөнүндө жарык көргөн эмгеги ушул кенемтени кайсы бир деңгээлде толуктап турат. Биз жогоруда белгилегендей улуу инсандын өмүр жолун кургак баяндаган китептер, макалалар көп, ал эми саясат таануучунун бул китеби алардан кескин айырмаланган эмгек. Анткени автор Исхак Раззаковдун өмүр тагдырын, ишмердүүлүгүн изилдөөдө анын буга чейин коомчулукка белгисиз болгон жактарына кайрылган. Китеп жандуу публицистикалык стилде жазылган, бир дем менен окулат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости