www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин мэри тууралуу айтып атып эл жадады, анын башы иштебегени капчыгы дурус иштеген «чиниш» экен, кээде бул мурунку мэр Балбак Түлөбаевден микробдорду жуктуруп алса керек деген ой кетет. "Кирген жерин чириткен микроб" деп Салижан аке сүрөттөгөндөй депутаттардын арасында кошоматчылык деген илдет болуп микробдой тарап, парламентти иритип-чиритип жатат. Балбак Түлөбаев. Тоңдун Көл-Төр деген айылынан болот. Көлдөгү «дерзкий» балдардын чыгаан, сап башында турганы. Арабдар менен келишип бир канча мечиттерди салган, мектептерге компьютер жана башка баалуу окуу куралдарды берип жүрөт, жетишпеген бир далай үй бүлөөлөргө өз аркасын тийгизип жардамын аябайт. Мал тебелеп, арасын кык басып кеткен үркүндө атылган ата- бабаларыбыздын бейитин тегерегин тосуп, эстелик коюп берген. Толтура иштери менен эл оозунда, жаштар арасында кадыр -сыйга ээ жигит. Ошондой түзүк мамиле менен пайдасын карапайым калк үчүн көптөгөн нерсени чечип келе жатат.
Сооронбай Жээнбеков кеткен учурда Ысык-Көлдүн ынтымагы менен тартибин бир муштумдай бириктирип турган ушул киши болгон. "Кетем, учурда иштөөгө моралдык укугум жок" деген арызын "жулуп" ыргытып көлдүктөр Көлгө стабилдүүлүк орногуча губернатор кылып кармап турганы эле канчалык маани экенин түшүнсө болот. Депутат болгондон бери бир башы Лейлек, кыйыры Түпкө чейинки маселелерди Балбак Түлөбаевден башка ким айтып атат? Чүмчүңдөтүп өз округу менен районунан чыга албай, ошону толук айта албай отурган депутаттарга караганда Балбак Түлөбаев тал төбөңдөй эле бийик көрүнөт.
Туура, эл байкагандай бийликке жакшы "комплемент" айтуудан тартынбайт. Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында президент Жапаровдун короосуна кошоматка ороп таш ыргыта бергени түгөнбөйт. Көпчүлүк аны көнгөн адатынча кошомат кылып жатат деп кабылдашты. Бирок сөз төркүнүнө үңүлсөк, Балбак мырза Жапаровго кошомат кылган болуп, жылдырып сокту.
Башкача айтканда, мамлекеттин карыз алып жатканы кадимкидей эле көрүнүш экенин, андан трагедия издештин кереги жоктугун белгилеп келип: "Карыз алып башкарбайм деген болбогон иш. Карыз алып башкаруу экономиканы өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу. Мен карыз албайм, карыз албай туруп мамлекетти башкарам десе, ал саясатчы эмес, жалганчы популист. Карыз албай өлкөнү башкарам дегенге такыр ишенбеш керек", - деп бакылдады.
Мындан улам, суроо жаралат. Балбак мырза, Садыр Жапаров бийликке келгенде "карыз албай, карыз берген өлкө кылам" деп убада берди эле. Ошондо "карыз албай башкарам деген жалганчы, популист" экен да туурабы? Балбак Түлөбаев ушул ойду айткысы келгендир. Балбак Түлөбаевдин логикасына таянсак бийликке ишенбешибиз керек?
Акыркы мезгилде Балбак Түлөбаев муздай болуп сыйгалак болуп кетти. Атыр самындай алаканга токтобой жылмыша берет. Президентти түз сындай албай, кошомат аркылуу какшыктап, ич күптүүсүн айтып турат. Ойкубай-кайкыбай оюн ачык айткандан коркуп, пахтага таш ороп согуп алат.
Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев андан тышкары Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын алмаштыруу керектигин айтты: "Балыкчыда 3-4 кабаттуу үйлөр көп. Аларды жеке менчик деп эч ким карабайт. Каралбай калып, үстүнөн суу тамчылап жатат. Өкмөт ошого да көңүл буруп, жок дегенде чатырын алмаштырып берип койсоңор ичине суу тамчылабай калат эле. Же мэрияда акча жок, же өкмөттүн мыйзамдары ага жол бербейт", - деди Түлөбаев. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул маселеге өзү киришпесе эл аябай кыйналганын белгиледи. Депутат мындан сырткары шаардын башкы планын чийүү тапшырмасын бир жыл мурда эле айтылганын кошумчалады
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg