www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы токолдун наркы кымбат, анын канча экенин Салымбеков билет. Илгерки байлар уялбай туруп эле токол ала берчү. Эмки олигархтар сак-сактап ары жак бери жагын каранып, жетимишке толсо да күзгүгө таранып чөбүрөсү менен тең 18 жашар кыз издеп жүрүшөт. «Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмдүү жерде молдо семирет, токолдуу жерде Салымбеков семирет». Бизнестин битин сыга баштаган Аскар Салымбековдун өзү менен кошо бир топ адамдарга материалдык жаатында көмөк көрсөтүп жардамы тийген. Ошолордун бири колу асманга жеткен соң жакшылыкты түшүнбөй Аскар Салымбековдун жеткен кас душманына айланган Камчыбек Жолдошбаев. «Жетсең да төбөң булутка, жеткиргенди унутпа» дейт эмеспи, көрө албастыктын жеткен чегине жеткен Камчыбек Жолдошбаев качан Салымбековго бутун тосуп ага жамандык уюштура баштаганын ким билет. Эптеп анын камакка отуруп чыккан агаларынан өйдө жамандап, гезитке чыгарып өзү баш болуп маркумду көмгөнү бараткандарга бекер гезитинен өйдө таратып жүрдү. Аялдарына асылды, токолдоруна чейин. Деги Камчыбек Жолдошбаевдин кылбаган жамандыгы калган жок.

1994-жылдын октябрында Аскар Акаев дагы бир жолу референдум өткөрүп, аракеттеги Конституцияга өзгөртүү кийирип, өз бийлигин күчөттү. Ошентип, 1995-жылы Кыргызстан постсоветтик мейкиндиктеги эң эле «референдумчул» мамлекет болуп калды. Ушул эле жылдын 24-декабрында Акаев административдик ресурстун жардамы менен, жасалмалоо ыкмасы аркылуу президенттик шайлоо өткөзүп, жеңишке жетишти. Сөз ушул кезге болуп жатат 57,8 пайыз менен Масалиев Апсамат алдыга чыккан, бирок бир нече күндөн кийин бардык бюллетендер кайра саналып жыйынтыгында Акаев жеңишке жеткен деген. Эми түшүнсө болот бийликке келген кимдин эле кеткиси келсин.

Ат-Башы району боюнча Аскар Акаевдин ишенимдүү адамы, «Беш Сары» ишканасынын кожоюну Камчыбек Жолдошбаев болгон. Булар шайлоодон соң ат баскан бакадай болуп маанайлары пас болуп, жеңилгенин мойнуна алып аз жерден курун мойнуна салып Масалиевдин алдына чөгөлөп бара жаздаган. Бирок бир нече күн өткөн соң Акаев жеңип чыгаары менен чамгарактап анча-мынча адамдарга саламга келбей калган. Акаевге таянып, «Беш Сары» ишканасын бекем басып, бетеге өскөн белдей көмүр менен байыган «Беш Сары» ишканасынын кожоюну өз соккусун баштайт. Ошолордун бири аны жөтөлгөндө дем берип жүргөн Аскар Салымбеков болот. Убагы келгенде Аскар Салымбековду «кидать» эткенден тышкары кайсы жерге барса да жамандаганын койгон жок.

Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгенде шымаланып киришкендердин бири Акаевдин 1995-жылдагы президенттик шайлоодо Ат-Башы районундагы ишенимдүү кишиси Камчыбек Жолдошбаев. Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Камчыбек Жолдошбаев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аянтынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен.    

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости