www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш Байдендин келиши менен башталды, Трамп келсе тамам болот.АКШда 2024-жылдын 3-ноябрында президенттикке шайлоо болот. Бул жерде деле кайчылаш пикирлер бар Дональд Трамп экинчи мөөнөткө кайрадан президент болуп шайланып келиши мүмкүк. Кокус Джо Байден кайрадан шайлана турган болсо Рональд Рейган коюп кеткен жаш боюнча рекордду жаңылайт. Анткени, Рейган 77 жашка чейин мамлекетти башкарса, Байден 86 жашка чейин башкарып калмакчы.

Акыркы мезгилдерде АКШда болгон парламенттик шайлоолордо жогорку палата эсептелген Сенатта Трамптын республикачылар партиясы жеңишке жетишкен. Канчалык Трампты магия колдоп кетти деп маалымат беттери жазбасын эл өкүлдөр Палатасында «сыйкырчы» Трамптын ал-абалы жаман бойдон калды. Ошого карабастан ал алакандарын ушалап, өзүн колдоп келаткан америкалык жазуучу Бен Стайндын жазгандарын «Твиттерге» чыгарды. Бейн Стайн минтип жазыптыр: «Мистер Трамптын магиясы бар. Бул жигиттин магиясы кулагынын айланасында учуп жүрөт. Ал укмуштай күч менен шайлоо кампаниясын жетектеп, добуш алып жүрөт. Республикачылар үчүн жеңишке жетишүүгө жакшы жагдай түзүлдү. Мунун бары Трамптын магиясынын айынан, Трамп –сыйкырчы» -деп жазган. Арийне, партиялык өтмө шайлоолордо  демократтар көптөн бери күтүп жүргөн реваншты колго алышты. Американын тарыхында президенттик орунду бир партия алганда, экинчи атаандаш партиясы парламентте боло турган өтмө шайлоолордо көбүрөөк кол топтоого аракет кылышат.

Трампка импичмент жарыялоо үчүн эл өкүлдөр Палатасы жеңин түрүнүп киришкен. Бирок демократтар бул палатада канчалык далбас уруп аракет кылышканы менен, сенат алардын демилгесин колдобой «мистер Дональд» импичмент процедурасынан булганбай чыгып кетти. Ооба, Демократиялык партия  парламенттин төмөнкү палатасында Дональд Трампка жана анын жүргүзүп жаткан бийлигине болуп көрбөгөндөй көйгөйлөрдү жаратканы чын. Бирок мындай талаш –тартыштар республикачылар үчүн дайыма болуп келгендиктен алар бул кармашууну баштарынан өткөзүп келишти.

Өткөн президенттик шайлоодо «Орусиянын кийлигишүүсү» тууралуу узакка созулган кептер болгон. Америкалык ички коопсуздук жана юстиция министрлиги, ФБР жана улуттук чалгындоо директорунун офиси биригишип, бул тууралуу тиешелүү документтерди кабыл алышкан. Американын атайын кызматы Орусия тарабынан президент Трампка шайлоо учурунда кыйыр колдоолор болуп, шайлоочуларга коомдук пикирлерди түзүлгөндүгү тууралуу маалыматтарды жокко чыгарбайт.

Президент Трамптын чечимдерин жокко чыгарууга мүмкүнбү? Азыркы учурда мыйзам чыгаруучу  бийликтин компетенциясында турган кээ бир чечимдер жокко чыгышы мүмкүн. Бирок президенттин өзүнүн мыйзам жагынан каралган кенен мүмкүнчүлүктөрү бар. Айрыкча тышкы саясат боюнча. Ошондуктан, президенттин колунда эч кандай инструмент жок калды деген кеп ката. АКШ президенттеринин ичинде бир же эки палатага тең көзөмөлдүк кылбай калган учурлар болгон. Мындай учурларда ченелүү болсо да америкалык лидер өз саясатын жүргүзө берген.

Эгер демократиялык партия бийликке келе турган болсо, бүгүн жүргүзүлүп жаткан санкциялар ого бетер күч алары бышык, тескерисинче  республикачылар келишсе, санкциядан баш тартышпайт, бирок конкреттүү жерлерде санкцияны жумшартып коюшу мүмкүн. Бекер жерден демократтар президент Трампка импичмент жарыялашкан жок, анткени демократтар импичменттин айынан бир топ ийгиликтерге жетише алды. Демократтардын башкы максаттарынын бири – келе жаткан 2024-жылдагы шайлоолор алдында президенттин имиджине кара бойок сүйкөп, колдон келишинче эл алдына жаман көрсөтүү болгон.Президенттик шайлоо болор алдында демократтар атаандаштары республикачыларды көп маселелер боюнча жамандабай унчукпай коюшканда, кээ бир маселелер боюнча ийгиликке жете алышмак эмес. Океандын ары жагында болуп жаткан шайлоо алдында үгүттөрдүн айырмачылыктары  демократтар бир гана карама –каршы тараптагы саясатчыларды каралаган жок, аны колдоп жаткан электоратты кошо жамандап жатышат.

Электоратты ушул жол менен мобилизациялоо 2024-жылы Дональд Трампка экинчи мөөнөткө шайланышы үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып келмекчи.Трамп болуп жаткан көптөгөн шайлоо оюндарына аралашып, көптөгөн сенаторлорду, губернаторлорду жеңилип калуу коркунучунан сактады. Трамп бир гана Республикачыл партияны көзөмөлдүккө албастан, ушул партияда ким кожоюн экенин толугу менен эл-журтка билгизе алды. Демократтар 2024-жылдагы шайлоолорго ишенимдүү катышуу үчүн партиянын жетекчилерин алмаштырса дурус болмок, бирок буга убакыт өтө тардык кылат. Ушул фактор Трамптын шайлоодон жеңишке жетишишине чоң шанс түзүп берип коюшу ыктымал. Байденди демократтар дагы көпкө эскериши мүмкүн. Ал президентке жетпей калганы менен электоратты бир муштумга түйүп кетти.

Азыркы шарттарда Орусия менен биримдикте бир бараткан мурунку СССРдин республикалары үчүн демократтардын бийликке келгени негативдүү. Республикачылдар башкы атаандашы, башкы душманы катары Кытайды сезишет. Ал эми демократтар тескерисинче  Орусияны жанчып жок кылгысы келишет. Буга дагы бир себеп, 2020—жылдагы президенттик шайлоодо Орусиянын Трампты колдогону. Ошондуктан кокус президенттик бийлик демократтардын колуна кайрадан тийип кала турган болсо Орусияга карата санкциялар күчөтүлүшү мүмкүн. Орусияга экономикалык санкцияларды жүктөп, алсыратуу аны менен бирге экономикалык маселелерди чечип келаткан, Евразиялык Экономикалык Кызматташтыгынын мамлекеттерине да таасирин тийгизет.

2024-жылдын 3-ноябры да жакындап келатат, бүгүнкү күнү кайрадан президенттикке аттана турган Дональд Трамптын саясий карьерасы оор маселелерди жаратып жатат.Өткөн 2020-жылдагы президенттик шайлоодо карапайым калктын арасында Байден колдоого алынып, Украинада согуш башталган

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости