www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Ага ЖК депутаты Искендер Матраимов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
"Ассалому аллейкум, урматтуу кыргызстандыктар, алыс-жакындан келген коноктор, жакшы саамалык иштин күбөлөрү жана меймандары! Сиздерди бүгүнкү мусулмандар дин башкармалыгынын башкы имаратынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу курулуп, ачылып жаткан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы имаратын куруу “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна жана анын төрагасы Райым Матраимовго буйруган экен, жаратканга чексиз шүгүр. Райым иним, башынан аягына чейин баарын өзү көзөмөлдөп, 10 айдын ичинде имараттын курулушу аяктап, ачылыш аземи болуп олтурат.
Мындай максаттарды жүзөгө ашырууда калктын ишенимин, маданиятын өздөштүрүү, баарыбыздын милдетибиз деп эсептеймин. Жалпыбыз Кыргызстаныбыздын келечектеги коомубуздун, тынч жана бакубат өнүгүүсү үчүн / өз салымыбызды кошууга тийишпиз.
Буюрса, мындан ары да “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондубуз аркылуу элибизге колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Буга чейин деле элибизге ушул сыяктуу соопчулук иштерди жасап келгенбиз. Жараткан насип этсе, дагы да, фонддун атынан көп иштерди аткарууга келечекте пландарыбыз бар.
Урматтуу мекендештер, сыйлуу коноктор жана аземдин катышуучулары! Мына ушундай заманбап муфтияттын имараты элибизге-жерибизге ынтымакты алып келген жана жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатуучу жайлардан болсун. Жараткан жакшы иш жасоону ар бирибизге насип кылсын.
Мамлекетибизде, эл-жерибизде тынчтык, ынтымак орносун! Сиздерге бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалаймын", - деди Искендер Матраимов.
Эске сала кетсек, Райымбек Матраимов 2022-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имаратына капсула салган. Курулуш иштери 10 айдын ичинде бүткөрүлдү.
Булак: NazarNews.kg