www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өзүн –өзү билип, өтүгүн төргө илген» заман тамам болуп, Сегизбаев ал замандарга кайра баргысы келет. Чындыгы Атамбаевдин биринчи аялы Теңизбайдын кызы болгон. Теңизбайдын кемпирине Атамбаев президент болуп турганда алтындан жасалган Кремлди «подарить» эткен. Ажырашып кетсе да балдарына, кайындарына көз салып турган. Сегизбай болсо Теңизбайдын бир тууганы, мурунку кайыниниси президенттик аппаратта Илмиянов менен тил табыша албай койгон соң УКМКга төрага кылып койгон. УКМКга достор, эң жакын адамдары төрага болот эмеспи. Каалаган адамынын мойнуна калпты илип каматып салчу Атамбаев өзүнүн мурунку кайниси, Акаевдин «почточусу» Абдил Сегизбаевди алып келип, УКМКны «Аракчеевчиликтен» ашкан жандармерияга айланткан. Ушундай курмандыктардын бири Өмүрбек Текебаев болгон. Эми Сегизбаев бийликти басып алуу максатында жең учунан иш жүргүзгөн. 

 Биринчи май райондук сотунда «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча айыпталып жаткан активист Ырыскелди Жекшеналиевдин сот отуруму болду. Анын иши боюнча мурдагы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев күбө катары көрсөтмө берип өттү. Өздүк булактарга таянып айтсак, Ырыскелди Жекшеналиев өзүнүн «Полит Узник» баракчасына Абдил Сегизбаевдин президенттик шайлоо учурундагы видеону бөлүшкөндүгү боюнча айыпталган. Абдил Сегизбаев суракка кирип чыгып, видео монтаждалганын айткандан кийин ошол эле түнү, тактап айтканда өткөн жылдын 14-августтунда активист камакка алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278, 327-беренелери менен айыпталып, соттук отурумдары уланып жатат.

Ырыскелди Жекшеналиев «Жетим-Тоо» кени боюнча чыгарган видео-тасмада бийликти басып алууга чакырык болбогонун, ошол кезде Боршайкомдун 17 юристтинен турган комитети уруксат бергендигин мурдагы чекист сотто берген көрсөтмөсүндө белгилеп өттү. Кийинки соттук отурум күбөлөрдүн келбегендигин байланыштуу 8-февралга жылдырылды

 Трайбализмдин нурун Кыргызстанга чачыраткан Акаев бийликке бир гана кайын-журту таластыктар менен жердеши кеминдиктерди ала турган. Анын бийлигинин аягында Жалал-Абадда эмне үчүн эл бийликке каршы чыгып жатат, түшүнгөн да жок. Ошол кездеги Коопсуздук катчысы кеминдик Болот Жанузаков биз баш көтөргөндөрдү жанчабыз деп, ал эмес Ак үйдүн бир бөлмөсүнө элге каршы ок-дары, куралдарды толтурган. Муну 2005-жылы 23-мартта ИИМ министри болуп: «Эми көрсөтөм» деп кекенип турган кеминдик Кеңешбек Дүйшөбаев менен Акаевдин пресс-катчысы кеминдик Абдил Сегизбаевдер гана билген. Ок-дары, куралдар элге каршы атылмак, бирок тагдыр элге жылуу жүзүн көрсөттү. Бийликке жагынып элди ок- дары, куралдар менен тосуп алгысы келгендер элдин колуна түшүп калды. Абдил Сегизбаевге эл биртке ыдык көрсөтүп, токтотуп, кайсы жерде ок-дары, куралдар сакталып турганын билишкен.

Атамбаев бийликке келери менен Абдил Сегизбаевдин келечегине жашыл жарык күйдү. Теңизбай менен Сегизбайдын бир туугандыгы, экс-президентке жакын кайни болору, аны тез эле ишенимдүү адамга айланткан. Бийликтеги болгон жылуу-жумшак «креслолор» Абдил Сегизбаевдин жеке менчигиндей сезилип, аягында УКМКны тейлөө бекер берилмек эмес. Көптөгөн күнөөсүз адамдарды ар кандай документ жасап, ар кандай жол менен жездесине жагыш анын биринчи милдети болгон.

Абдил Сегизбаевдин УКМКнын жетекчиси болуп туруп, УКМКда катталбаган (фальшивый) кагазды оперативдүү маалымат деп жездекесине көрсөтүп, Илим Карыпбеков жетекчи болуп турган КТРКдан байма- бай чыгартып, мамлекеттин эң жогорку бийлик бутагы болгон ЖКнын фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа жабышы өтө олуттуу, туура эмес жүрүш болгон. Абдил Сегизбаев ал кезде бир гана Текебаевге эмес, көптөгөн саясатчыларга ар кандай «клеймолорду» илип, эми калпы чыгып отурат. Акыркы кезде муну изилдегендер Белизден келген документтер жок экенин иликтеп чыгышты.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости