www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Украинанын НАТОго киришине АКШ каршы

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжер Украинаны НАТО мүчөлүгүнө киргизүү аракети олуттуу чекилик болгонун жана ал украин жаңжалына кептегенин билдирди: "Менин оюмча, Украинаны НАТОго кабыл алуу сунушу өтө чоң ката болгон, ошонун айынан согуш чыкты", — деп айткан Киссинжер америкалык Wall Street Journal гезитине берген маегинде.

Ошондой эле ал Орусия жүздөгөн жылдар бою Европа менен мамиле түзүүдө кош позицияны карманып келгенин белгилеген. Айтымында, РФ Европа менен мамилесин өнүктүрүүгө кызыкдар болгон, бирок ошол эле учурда алардын кыймыл-аракетинен кооптонуп турган.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысынын дагы башка билдирүүлөрү: Киев Крымды кайтарып алууга аракет кылбашы керек, анткени Украинадан кийин дүйнө үчүн бул анчалык маанилүү эмес;

АКШ өзүн адилеттүү жана тышкы саясатта өзүмчүлдүк максаттарды көздөбөйт деп эсептейт, бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрү мындай пикир менен макул эмес;

Учурда Тайвандагы көйгөйдү чечүү жолун табыш кыйын, ошон үчүн азыркы абалды сактап турган дурус.

Мээ импланттары шал жана сокурлук сыяктуу илдеттеди жеңүүгө жардам берет деп болжолдонууда.

Америкалык ишкер Илон Масктын мээ чиптерин жасаган "Neuralink" компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алды. Бул туурасында компаниянын Twitter баракчасында айтылат. "FDA (Азык-түлүк жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалык) адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат бергенине кубанып жатабыз!", - деп жазылган билдирүүдө.

 "Neuralink" бул бир кезде алардын технологияга көптөгөн адамдарга жардам берүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү биринчи кадам болгонун белгилейт. Компания клиникалык сыноолого катыша тургандарды тандап алуу баштала электигин жана бул боюнча кошумча маалымат жакынкы күндөрү чыгарыларын белгиледи. Эске салсак, 2022-жылдын аягында Маск "Neuralink" мээ имплантын адамдарга сынап көрүү үчүн өкмөттүн уруксатын күтүп жатканын билдирген.

Мээ чиптери эмне үчүн керек?

«Мээнин революциялык имплантын» иштеп чыгуучулар ал шал оорусу же сокурдук сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет.

Жаныбарларга изилдөө жүргүзүү кээ бир натыйжаларды көрсөттү.

Алсак, чиптин жардамы менен макаканы менталдык пинг-понг ойноого үйрөтө алышты. Чипте приматтын кыймылдаткыч кабыгына орнотулган эки миңден ашык электроддор камтылган. Neuralink бул эксперименттин максаты нейрондордун активдүүлүгү аркылуу шал болгондорго компьютер же телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берүү экенин түшүндүрдү.Маск ошондой эле мээсине чип орнотулган чочкону көрсөтүп, жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам берерин билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

  

Последние новости