www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын полициясы өлкөнүн түндүгүндө тополоң учурунда таштанды челекке өрт койгондугу үчүн тогуз жашар баланы кармады.

Жашы жете элек бала Рубей коммунасында (Өлкөнүн түндүгүндөгү Хаут-де-Франс аймагы) таштанды челекке өрт койгон учурда кармалган.

Бала ата-энесине өткөрүлүп берилди, деп билдирет BFMTV басылмасы.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон тополоңдон жапа чеккен шаарлардын мэрлери менен жолугушууда республикага өзгөчө абал киргизүүгө даярданып жатканын билдирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, демонстранттар дээрлик 4000 автоунааны, ошондой эле полиция жана өкмөттүк имараттарды өрттөп, 250гө жакын банк филиалдарын, 200дөй азык-түлүк дүкөндөрүн жана 10го жакын соода борборлорун тоношкон.

Эскерте кетсек, Францияда полиция теги алжирдик 17 жаштагы өспүрүмдү атып өлтүргөндөн кийин тополоң чыккан. Күч түзүмдөрүнүн айтымында, өпүрүм алардын талаптарын аткаруудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости