www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Поляк тарыхчылары 150 миңге жакын адамдын, анын ичинде кары-картаңдар менен балдардын өмүрү кыйылгандыгын айтып келишет. 1943-1945-жылдардагы Польшанын тургундарына каршы украин улутчулдары тарабынан жасалган окуяны тарыхчылар геноцид катары айтып жатышат.Польша Волынь кыргыны үчүн Украинанын кечирим сурашын күтөт. Бул тууралуу Польшанын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лукаш Ясина билдирген:

"Зеленский көбүрөөк жоопкерчиликти өзүнө алышы керек... "Кечиресиз, биз кечирим сурайбыз". Мындай билдирүү Польша менен Украина мамилелери үчүн абдан жакшы таасир бермек. Биз, поляктар, мамлекет тарабынан украиндерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти алганбыз, бирок Украина мындай жоопкерчиликти албай жатат", — деген Ясина.

1943-жылдын башынан тартып украин улутчулдары Волынь менен Чыгыш Галициядагы поляктарды кырып, үйлөрүнөн кууп чыгышкан. Бул окуялар "Волынь кыргыны" деп аталып калган. Поляк тарыхчылары муну геноцид жана этникалык тазалоо катары баалап, 150 миңге жакын адамдын, анын ичинде кары-картаңдар менен балдардын өмүрү кыйылгандыгын айтып келишет.

2016-жылдын жайында Польша парламентинин төмөнкү палатасы 11-июлду 1943-1945-жылдардагы Польша республикасынын тургундарына каршы украин улутчулдары тарабынан жасалган геноциддин курмандыктарын эскерүүнүн улуттук күнү деп таануу жөнүндө резолюция кабыл алган.

Украин изилдөөчүлөрү бул окуяларды Польшанын ички армиясы менен Украинанын козголоңчу армиясынын ортосундагы согуштун натыйжасы деп эсептешет. Украин тарап 10-20 миң адамдын жоготууларга учураганын айтып келет. Жогорку Рада польшалык Сеймдин Волынь кыргынын геноцид деп таануу чечимин айыптаган билдирүүнү кабыл алган. Украин депутаттары бул чечим "эки өлкөнүн саясий жана дипломатиялык өнүгүүсүнө коркунуч келтирерин" билдиришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости