www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Кыргызстанда 76 университет 230 миңдин тегерегинде студент бар. Студенттердин, окуу жайлардын саны жагынан алганда дүйнөдө алдыңкы орунду бербейт. Бирок сапаты жагынан артынан биринчи орундардын бирин уялбай эле ээлеп турган кези. Ректор болуп келгенине беш жылга аяк басканына карабастан Канат Садыков улуттук университеттин рейтингин көтөрө албай, алгылыктуу иштерди жасабай, тескерисинче, кадырын кетирип, беш жыл арыз, чыр-чатак, текшерүү менен өттү. Түшүнүксүз жагдай.

Мөөнөтү бүтүп баратканда "реформа баштайм" деп факультеттерди, кафедраларды жоюп, университетти колледждин деңгээлине түшүргөнү жатканы уу-дууга айланып, мугалимдер нааразы болушууда. "Республиканын мектептеринде физика, математика, химия, биология сабактары боюнча мугалимдер жетишсиз. КРСУда физика бөлүмү жабылган, башка университеттерде бул сабактар боюнча адистер даярдалбайт, университеттеги фундаменталдык илимдердин тагдыры эмне болот?" деп редакцияга илимпоздор кайрылышууда.

Кызыгып көрсөк, юридика, экономика, менеджмент жана бизнес багытында институттар мурда иштеп, алардын өздөрүнүн бухгалтериясы болуп, ректор менен директорлор майкандашып, кыйла акча жешип, бир топ тайраңдашканы текшерилбей калганбы? Канат Садыковго "акча кымыруунун эң жакшы жолу – өзүнүн бухгалтериясы менен институттарды ачыш керек" деп бирөө үйрөткөн окшойт, же кудасы Эдил Молдоев экөө ачкан "Билимкананы" иштеткенге, ремонт кылганга каражат таппай ушул жолго барганы жатышабы, айтор, акча жемейдин эле камына өтүшкөндөй го?

Канат Садыков ректор болуп келгени профессордук- окутуучулук курамдын эмгек акысы көбөйбөстөн азайып кеткен. Азыр улуттук университеттин окутуучусунун айлыгы мектептин мугалиминен аз тура. Бул эргул билим берүү министри кызматынан ызы-чуу менен кеткени белгилүү, эми ректорлуктан да чатак менен түшөт окшойт. Канат Садыков университеттин түбүнө жетип бүтмөй болду" деп айтышууда.

Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын кара тизмесине кирген. Мамлекеттик эмес жаштар уюмдарынын сурамжылоосуна караганда, И.Ахунбаев атындагы медициналык академия коррупция боюнча өлкөбүздө биринчи орунга, ОшМУ экинчи, И.Раззаков атындагы техникалык университет үчүнчү, Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университети төртүнчү орунга чыккан.Ушундай оор жагдайды эске алуу менен билим берүү министрлиги мындан мурда "2040-жылга чейин 3 университетти дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарына кошконго сүрөйбүз" деп жар салган.

Эми болсо билим берүү министрлигинин амбициялуу жаңы жетекчилиги 2040-жылга чейин күтүп отурбай, 5 университетти "эң мыкты университет" деп жарыя кылып отурат. Маселе "мыкты" деп жарыя кылып койгон менен чечилбейт да. Азыр "Дордойдун" тачкисттеринин диплому чаң басып үйүндө жатат. Депутаттар, милиционерлер, чиновниктер, мэрлер жасалма дипломдор менен кармалып, ышпалдасы чыгып жаткан кезде эң негизгиси адистерди даярдоонун сапатын көтөрүү күн тартибиндеги №1 маселе да!

Жусуп Баласагын атын дагы кыргыз улуттук университетинде иш начар. Анткени Канат Садыков ректор болуп келгенден бери университет артка кеткен. Канат Садыков келгенде университетте 25 миң студент окуса, азыркы учурда 15 миң, студенттердин саны 10 миңге кыскарган. Улуттук университеттин бюджети мындан алты-жети жыл мурда 800 миллион сомду түзсө, азыр 630 миллион болуп, 170 миллионго кыскарган. Канат Садыков ректор болуп турганда китепканачылар бунт көтөрүп, 30 профессор, доцент, окутуучулары университеттин үстүнөн доо арыз жазып, чатакташып, соттошкон.

Ушундай ызы-чуу болуп жаткан жерде кантип иш алдыга жылат? Канат Садыков ректор болгон жылдар улуттук университеттин кедерине кеткен мезгили болуптур. Андан мурда Канат Садыков билим берүү министри болуп деле кыйратып иштей алган жок, үстүнөн кылмыш иши козголуп, кызматын тапшырууга мажбур болгон.

"Ата баркы менен кыз өтөт" болуп, сөзүнө бекем турган президент акындын керээзин аткарып, Канатты ректор кылды. Ушинтип жалаң көтөрмөлөө менен келаткан Канат Садыков университеттин ишин тартып кете алган жок. Анын "жашыруун кеңешчиси" шайлана албай 3 жыл ректордун милдетин аткаруучусу болуп иштеп, "30 кабат башкы имарат курам" деп, долбоордун сүрөтүн коюп алып, жомок айтып, оозу менен орок оргон Искендер Исамидинов болгон дешет. "Бүлдүргүч" атка конгон Искендер Исамидиновдун кылган иши: картайган кезде жолуккан кара тоpy, айча бел кермекешка университет үчүн керексиз факультет ачып берүү менен чектелген.

Анысы дагы башка соорусун чайпаган сулуулар менен Стамбулга чабагандап каттап, шоп-тур жасап, шапар тээп, ошондон ийин "университеттин декандары иштебей эле коммерсант болуп кетишиптир" деген сөз тарап, ал кыңыр иш аэропорттон алынган маалыматтар менен бекемделип, айтор, ошол ызы-чуу чыкканда Искендер Исамидинов ректор башы менен өзү барып, "мен үчүн кечиргиле" деп кылгыра караган көрер көзү үчүн жалдырап, эмгек жамаатынын алдында салбырап туруп кечирим сураган деп аныз кылып айтып жүрушет.

Иши кылып, улуттук университеттин минтип чөгүп баратышынын себеби көп экен, кайсы бирин айталы. Канат Садыков ошол кара курсагынан башканы ойлобогон, жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн, эмгек жамаатына суук тумшук көрүнгөн "кеңешчисинин" жолун жолдоп, университеттин эң начар ректорлорунун бири болду.

Башкасын айтпаганда да азыр эмгек жамааты дагы нааразы экен. Ректор Канат Садыков 5 жыл маяна көбөйтпөгөнү аз келгенсип, эми президенттин жарлыгын аткарбай, бюджеттин айлыгы 100 пайызга көбөйүп жатканда жаш баланы алдагансып, профессорлук-окутуучулук курамдын колуна алган нак айлыгына болгону 2-3 мин сомдон араң кошкон. Кыскасы, президент өзү көзөмөлгө албаса, улуттук университеттеги абал мышык ыйлагыдай эле экен...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости