www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байыркы ууру катары азык, кыпчак, мундуз, дөөлөс жана башкалар казак, өзбек, кумык, гагауз деген жана башка «эски советтик» эмес, венгерлерге чейин чачырап кошулуп кеткен. Ал эмес немецтерде бар тууралуу таап чыгып атышат. Кыргыз деле чаап чачылса керек. Бир топ убакыт тарых барагына жазылбай калып, кийин Улуу Кыргыз каганатын түптөп, бутунан тургандан соң кайрадан атырылып чыгып атпайбы. Ошол мезгилде Азияны титиретип турган түрк каганатын талкалап, түрктөрдү азыркы жашап аткан жерине чейин кубалап жиберип, уйгур каганатын талкалап, уйгурлар куйругун көтөрө Кытайга кире качып, миң жылдан ашты эмгиче Кытайдын карамагынан чыга албай жүрүшөт. Оомат келет экен, оомат кетет экен.
Кыргыз, кѳр тʏбʏндѳ да кыргыз. Краснояр крайында же кыргызча Кызыл –Жарда Ижим дарыясынын жээгиндеги ѳрѳѳндѳ археологиялык казылуулардан улам, толук темир-зоот кийим –кечеси менен X-XII кылымдагы кѳчмѳн кыргыздын сѳѳгʏ табылды. Мындай курган орус археологдору ʏчʏн да сейрек табыла турган нерсе. Булардын бардыгы байыркы заманда кѳмʏлгѳнʏн алар билдиришкен. Окумуштуулар жүздѳгѳн предметти - камчы, кельт-балта, жаанын октору, бычак, аскердик темир бляшкалар, андан тышкары ат жабдыктары: ʏзѳӊгʏ, жʏгѳн, ээр токум, тердик, желдик, куюшкан жана башка жабдыктары азыркы кʏндѳгʏдѳй жакшы сакталган. Темир предметтердин мынчалык жакшы сакталуусуна кѳп факторлор, анын ичинде курган орун алган жердеги топурактын курамы жана кургандын жайгашышы да таасир эткен. Кичинекей кургандан табылгандардын уникалдуулугу тез аранын ичинде ааламга тарап кеткенинде. Иликтѳѳлѳр бʏткѳн соӊ табылгандар музейге ѳткѳрʏлʏп берилет.
Биз кыргыздар бири-бирибизди кыжып отуруп кылымдардан бери келаткан тарыхыбызды унутуп баратабыз. Кыргыздар түрктөрдү түрө кырып кубалап, уйгурларды уйпалап кубалап, кытайларды кыра кубалап, татар-монголдорду татырактата кубалап жүргөн мезгилде казак, өзбектерди мындай коёлу орус деген элдин жыты жок болчу. Биз түпкү аталарыбызды «талаадан келгендер» же өздөрүнчө «половецтер» дешип, алар келатканда кирерге тешик таппай калган славяндар деген калк кичинекей аймактарда жашачу. А биздин Атилла баштаган түпкү аталар Тынч океандан баштап Атлантика океанына чейин кирип барышып «Азиянын арстандары» аталган. Кыргыз жөнүндө биздин заманга чейинки он кылым мурун жазмаларда бар экен. Жөн салды элди жазмага түшүрбөйт да. Ошондо эле өрттөй жанган кыргыз чүрчүт, Урумдун өпкөсүн үзчү окшойт. Канча калк андан бери жер түбүнө житип кетти? Азыр эле чыга калган коңшу-колоңдорубуз эми өздөрүнө жасалма тарых курап атат. Биздикиндей тарыхы болгондо алар кынына батпай калмак. Биздин заманга чейин кытайдын жүрөгүнүн үшүн алып Улуу Кытай сепилин курууга аргасыз кылган. Кыргыздардан далдаланабыз деген чүрчүттөр чүнчүгөнүнөн ошол сепилди курушту да. Ошол мезгилде эле кытай, перс, грек, урум империялары «кыргыз» деп жазышканына биз сыймыктанышыбыз керек. Мейли көчмөн калк бололу бирок тарыхта калыптырбыз.
Ади Атласов «Сибирь тарыхында» жазып кеткендей 480 –жылдары Энесай Кыргыз мамлекетинин аскери 80 миңге жетип турган. 500-1200-жылдары жети кылым Энесай Кыргыз мамлекети Азияда алкынып турган. 600-800-жылдары аймагы боюнча эң зор Улуу Кыргыз Дөөлөтүнүн (империясынын) эң өнүгүп турган учуру. 569-жылы Түрк каганаты менен согушат. Салыштырып көрсөк Мухаммед пайгамбар 569-632-жылдары жашаган, хижра ай календары 622-жылдан эсептелет. Ислам дини 600-жылдан башталат. Немецтерди улут катары 843-жылы Оттон бириктирген. Францияны Гуго Капета 987-жылы бириктирет. 850-жылдан Киев Русунда Чыгыш славяндар орустардын ата-теги бириге баштайт.
638-711-жылдары кыргыз каганы Барс-бек жашап өткөн. 648-жылы кыргыз элчисинин кытай мамлекетине киши жөнөтүп, байланышып турган. Ал эми 653-жылы Кытайга барып кун төлөп туткунга түшкөндөрдү бошотуп келет. 693-жылы Барс-бек Түрк каганынын таш-талканын чыгарып Түрк каганынын кызын тартууга алып келет. 711-жылы Түрк каганатына согушка барып Барс –бек курман болот.
820-990-жылдары Кыргыз каганатын Улуу Кыргыз мамлекети (Великая Кыргызская держава) дешкен. 840-жылдары Уйгур каганатынын таш талканын чыгарат. 847-жылы кыргыз каганы Айлакер (Яглакар) уйгур каганатын жеңип келатып Монголиянын Суджи-Даван деген жеринде каза болгон. 942-1150-жылдары түштүк батыштагы кыргыздар Кара хан мамлекетин түзгөн. Жусуп Баласагын 1015- 1071 жылы жашаган. Даңазалуу «Кут алчу билимди» жазган. Ысык-Көлдөгү Барскоондо туулган Махмуд Кашгари 1029 – 1088-жылдары жашап «Түрк тилдеринин сөздүгүн» калтырып кеткен. 940-1212-жылдары бийлик кылган Карахандын урпактарынын шаарлары Баласагын, Өзкенд (Өзгөн), Кашкар, Шашкенд (Ташкент), Тараз, Барскоон, Кенд.
Х-кылымда кыргыздар Багдадка чейин барып араб халифатында селжук ат менен баш вазирлик кылган деп жазат АКШнын белгилүү илимпозу Лосирип. Борбордук Азияда Кытайды көздөй саякаттаган араб саякатчысы Абу Дулаф 942-жылы ушул чөлкөмдөрдө кыргыздар жашагандыгы тууралуу жазат. Ал эми 982-жылы жарык көргөн «Худуд-ал-аалам» (Дүйнөнүн чек арасы) деген китепте кыргыздар Тянь-Шандан Саянга чейин жашаган. Асаке, Кутчу деген кыргыз уруулары белгилүү. ХI –кылымдын орто ченинде Гардзиви «Зайн-ал-акбар» (Кабарлардын жыйнагы) аттуу эмгегинде Борбордук Азиядан Тарбагатай, Алтай, Танну, Ала- Тоолору аркылуу Эне-Сай кыргыздарына баруучу жолду сүрөттөп жазат.
Тахир Марвази 1120-жылы «Айбанаттар табияты» деген эмгегинде: «Кыргыздар көп сандуу эл. Кимактар кыргыздардын түндүк, ягма менен карлуктар батыш тарабында, куча менен арк түндүк-батыш жана түштүк тарабында жайгашкан. Кыргыздар каза болгонун өрттөшөт, акыркы учурларда мусулмандарга коңшу болгондору көмө башташты» -деп жазган. Араб географы Ал – Идриси, Чаткалга коюлган Идрис пайгамбар болсо керек, 1154-жылы: «Кыргыздар Манхаз (туурасы Манас) дарыясынын боюнда дыйканчылык кылышат, өлүгүн өрттөп күлүн дарыяга сапырат» -деп жазган. Эми кыргыздардан башкасы каякта?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg