www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын азыркы президенти, “Республикалык альянстын” бирдиктүү талапкери Режеп Тайып Эрдоган президенттик шайлоого талапкер катары расмий түрдө көрсөтүлдү, деп билдирет Haberturk. Түркияда президенттик шайлоо 14-майда өтөт.

Басылма Түркиянын президенттигине талапкер боло тургандардын арыздары 19-23-март аралыгында кабыл алынарын белгилеген. Азыркы парламентте партиялары жок талапкерлер 22-27-март аралыгында шайлоочулардын 100 миң колун чогултушу керек.

Эрдогандын каршылашы, оппозициялык “Элдик альянс” партиясынын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглунун арызы 22-мартта берилет деп күтүлүүдө.

Өкмөттүк Resmi Gazete гезити 31-мартта талапкерлердин расмий тизмесин жарыялап, андан кийин алар үгүт иштерин баштай алышат. Эгер биринчи турда жеңүүчү аныкталбаса, экинчи тур 28-майда өтөт.

Алгач Түркияда президенттик шайлоо 18-июнда болот деп болжолдонгон. Бирок Режеп Тайып Эрдоган добуш берүүнү эртерээк өткөрүүнү чечкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости