www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

204 млрд сом насыя жана 100 ишкана...

Өткөн жылы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын насыя портфелинин көлөмү 204 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Акыркы беш жылдыкты алсак, насыя алган жарандардын саны жыл сайын көбөйгөн. 

Тактап айтканда: 2022-жылга карата 204 млрд сомду түзсө, 2021-жылы 181.8 млрд сом, 2020-жылы 162.6 млрд сом, 2019-жылы 146.4 млрд, 
2018-жылы127.9 млрд сомду түзгөн.

Өткөн жылы кыргызстандыктар эң көп насыяны соода жана айыл чарба тармагына алышкан. 

Башкача айтканда, өнөр жайына берилген насыялар — 13.7 млрд сомду түзүп 1.1%га азайса, айыл чарбасына берилген насыялар — 37.1 млрд сомго жетип 11.7%га өскөн. 

Ал эми соода чөйрөсүнө насыялар — 56.2 млрд сомго жетип 9.6%га көбөйгөн. Ошол эле учурда курулушка берилген насыялар — 12.9 млрд сомду түзүп 4.5%га азайган. 

Мындан тышкары, ипотекага берилген насыялар — 24.4 млрд сомго жетип 22.2%га өскөн. Керектөө үчүн берилген насыялар — 33.1 млрд сомду түзүп 48.9%га жогорулаган. 

Быйыл 2023-жылы Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча иштерди жандантып, жаңы ачылган, модернизацияланган жана реконструкцияланган ишканалардын санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын Экономика жана коммерция министрлиги маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости