www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Япониянын бийликтери мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүп, дүйнөлүк өнөктөш болууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ТАСС Япониянын премьер-министри Фумио Кишида менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Япониянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган биргелешкен билдирүүгө таянуу менен билдирди.

Басылма белгилегендей, Япония менен Украинанын лидерлери эки тараптуу кызматташууда чоң потенциалды көрүп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилени “өзгөчө глобалдык өнөктөштүк” деңгээлине көтөрүүнү чечишкен.

Сүйлөшүү учурунда Зеленский менен Кишида Тайвань кысыгында тынчтык менен стабилдүүлүктүн маанилүүлүгүн белгилешти, КЭДР баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк куралдарды иштеп чыгуусу тууралуу терс пикирлерин айтышты, ошондой эле Индо-Тынч океан жана Евро-Атлантика аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча макулдашышты.

Эске сала кетсек, Япониянын премьер-министри Киевге бир күн мурда келген. Ал G7 лидерлеринин акыркысы болуп бул иш сапарын жасады.

Япония быйыл Чоң жетиликке төрагалык кылууда жана май айында Хиросимада саммит өткөрөт. Кисида Зеленскийди видеобайланыш аркылуу бул иш-чарага катышууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости