www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга кол созгондордун бири Япониянын премьер-министри  Синдзо Абэ болгон. Дүйнөлүк экинчи согушта Япония АКШга тынчтык бербей, Тынч океандардан америкалыктарды жайлап турган. 1945- жылы августта АКШ тарап жеңишке жетишкен соң Хиросима жана Нагасаки шаарларына атом бомбасын ыргытат. Ошол бойдон Японияны кул сымал эмне десе ошону аткарган роботуна айлантат. Японияны үстүртөн АКШ башкарып калган. Бир гана экс-премьер-министр Синдзо Абэ АКШга баш бербей Орусия менен жакындашып, ал эмес Түштүк Курилде жайгашып согуштун жыйынтыгы менен Орусияга карап кеткен Итуруп, Кунашир, Шикотан аралдарын кечип жиберген. Япониянын императору Ангия королевасы сыяктуу саясатка кийлигише албайт, анын аракети Коституция тарабынан катуу чектелген. Өлкөнү башкарууну парламенттен жеңип келген премьер –министр көздөйт. Синдзо Абэни мурунку парламенттик шайлоодо тоңкойтушкан, эмки шайлоого Синдзо Абэ белин бекем бууп, аттанып чыккан. Арийне, кайрадан тоңкойтушту, эми түбөлүккө тоңкойду, кайра баш көтөргүс болуп.

 Япониянын экс-премьер-министрин өлтүргөн адам өзүнүн жоругун түшүндүргөн. Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни өлтүргөн деп кармалган 41 жаштагы Тецуя Ямагами тергөөчүлөргө өзүнүн ишинин себептерин айтып берди. Нара шаарынын 41 жаштагы тургуну Тецуя Ямагами диний секта мүчөлөрүнөн өч алуу үчүн Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абени өлтүргөн. Бул тууралуу полициядагы булактарга таянуу менен «Киодо» агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, Тецуя Ямагаминин апасы культтук топко ири суммадагы акча которгон. Бул уулуна жакпады. Ал өч алуу үчүн адегенде секта башчысын жок кылууга даярданган. Бирок Ямагами бул диний бирикме Синдзо Абэ менен байланышы бар деген ой менен мурдагы премьер-министрди өлтүрүүнү чечкен.

Белгилей кетсек, буга чейин кол салган адам өзүнүн аракетин Абэнин саясаты жана жүрүм-туруму жакпаганы менен түшүндүрүп, бирок ал мурдагы премьер-министрдин түз саясий көз карашына эч кандай кастыгы жок экенин баса белгилеген. 9-июлда Нара полициясынын башчысы Томоаки Онизука маалымат жыйынын өткөрүп, полициянын коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылбаганы жана анын департаменти премьер-министрдин өлтүрүлүшүнө бөгөт кое албаганы үчүн күнөөнү өзүнө алды. Ок чыгарган адамдын айтымында, экс-премьер Синдзо Абэ анын үй-бүлөсүн олуттуу каржылык кыйынчылыктарга дуушар кылган белгилүү бир "адамдар тобуна" таандык болгон. Анын айтымында, анын апасы топко чоң кайрымдуулук кылып, үй-бүлө кыйынчылыкчыктарга дуушар болгон. Кайсы “адамдар тобу” жөнүндө сөз болуп жатканы тактала элек. Бул ишти иликтеп жаткан Нара префектурасынын полициясы да бул темага комментарий берүүдөн карманып, муну тергөөнүн кызыкчылыгы деп түшүндүрдү.

Ошол эле учурда япониялык Asahi Shimbun гезитинин жазганына караганда, ок чыгарган Тецуя Ямагами сурак учурунда "экс-премьер Абеге эч кандай саясий душмандыгы" жок экенин айткан. Синдзо Абэ 8-июлда өзүнүн Либералдык-демократиялык партиясын колдоп сөз сүйлөп жатканда ага карата эки жолу ок атылган. Бир нече убакыттан кийин саясатчы өзүнө келбей каза болгон. 

2022-жылдын 8-июлунда Синдзо Абэни 10-июлдагы парламенттик шайлоонун алдында көчөдө үгүт иш-чарасында сөз сүйлөп жаткан жеринен атып кетишкен. 41 жаштагы жапониялык Тецуя Ямагами аны колго жасалган ок атуучу курал менен эки жолу аткан. Абэ куткаруу тик учагы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага кан берип, бир нече саат бою анын өмүрү үчүн күрөшкөн. Мурдагы премьер-министр 67 жашта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:03тө каза болгон.

2002-2005-жылдары өлкөнүн деңизде өзүн-өзү коргоо күчтөрүндө кызмат өтөгөн адамдын үйүнөн жардыруучу заттар табылган. Бул кишиге расмий түрдө адам өлтүрүү боюнча айып тагылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости