www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун эксгубернатору Зиядин Жамалдинов иштей албай жатканы үчүн кызматынан ыргыган. Бул боюнча коомчулуктун көзү жетип калды. Башкаруу идеясы, демилгеси, алгылыктуу программасы жок экен. Эл менен жолугушканы да башкача, ынанымдуу сүйлөй албай, кыйчалыш кырдаалга себепчи болгонун көрдүк. Кадыр-барксыз эле канат күүлөсө уча алмак беле? Шефинин абийирин орун басары Данияр Жаныкулов жаап жатканы, тартип, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгүн, көпчүлүктү башкаруу чеберчилигин көрсөткөнү, орду менен сүйлөгөнү, айтор, ишти жайгарып кеткени байкалган. Баса, убагында Зиядин Жамалдиновду премьер-министр Улукбек Марипов, депутат Бакыт Төрөбаев сүрөп, жогору жакты ынандыруу таризинде Ош облусунун губернаторлугуна көтөрүүгө салым кошушат.

Тилекке каршы, ишеним акталбай, ирип баратканы аларды кызматынан сүргөн. Ош облусунун мурдагы губернатору 3иядин Жамалдинов жана анын мурдагы биринчи орун басары Данияр Жаныкулов экөө бири-бири менен тирешип, иштеше албай иштен кетишкенине бир нече ай өттү. Экөө Данияр Жаныкуловдун өз кабинетинде акча алып жаткан видеосу коомчулукка тарап, чоң резонанс жаралгандан улам иштен алынышкан. Натыйжада, Жаныкуловго кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура иликтеп жатканы айтылган. Ошону менен кылмыш иши "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп" тынчыды.

Данияр Жаныкуловдун айыбы барбы, болсо жоопкерчилик тартып, пара алганы аныкталса абакка отурушу керек эле. Күнөөсүз жерден айыптуу болуп, жалган жалаага кабылса, кайра ишине коюлушу милдет болчу. Анын бири жок. Ишти жең ичинен бүтүрүп коюшкандай. Ушунтип тандалма, өң карама саясат жүрүп, жеп-ичкен коррупцияга шектелгендердин иши "баш айрылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде" болуп бүтүп жатса, анан кантип Ташиевдин "коррупционерлерге катуу чара көрүлөт" деген сөзүнө эл ишенет? Мыйзамды буйлаланган төөгө айлантып, каалаган учурда тизеге чаап чөгөлөтүп, кааласа буйласынан силкип тургузуп жетелеп кете берген түшүнүк менен өздөрүнө ыңгайлуу учурга иштеткен көрүнүш элдин ишенимин жаратпайт.

Бул маселенин сырткы бир көрүнүшү. Зиядин Жамалдиновдун "кулашына" ким бирөө эмес, анын басып өткөн жолу күнөөлүү экендигин билүү керек. 10-15 жыл нарыраак барып сереп салчу болсок...Атамбаевдин кулагы чыгат. Тальчик деген ылакап ат угулат. Эмне менен шүгүлдөнгөнү билинип калат. Анткени, баары күбөлөндүрүлгөн. Ошол жагы ылайкаланып, булганып калган. Жээнбековдордун күчү менен жабылып турган. Эгерде мэрдик шайлоого барганда, тагыраагы, документтерин БШКга тапшырганда ушул соболдор түз бетине айтылмак жана өтө ыңгайсыз абалда калмак. Ошон үчүн ал ысыгында чыгып кетти шайлоону шылтоолоп, тагыраагы, маданияттуу аста колдон кармап чыгарып койушту уят кылбай. Камалып кетиши мүмкүн эле. Маселе ушунда. Биерден саясатты издебей эле койгула. Ылайга сууну тунутуп алдым деп ойлоп калганы менен саясатта эчтемке эч качан унутулбайт. Анткени, саясатыңын өзү ыпылас.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости