www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

  Губернаторлордун эң эле жүдөөсү Зиядин Жамалдинов болгону менен жеген жагынан эң алдыңкы сапка турарын парламентте кан-какшап айтып жатат. Айрыкча ал өз бир туугандарына жерлерди ашатып жатыптыр. Элдин пикирин айткан депутаттар Балбак Түлөбаев, Коргонбай уулу Жусупбек, Шайлообек Атазов, Алишер Козуев жана башкалар Зиядин Жамалдиновду «ичи өткүчө» сындашты. Азыр ал Ош облусунун губернаторлугунда мантыйып, этек-жеңи да кыйшабай иштеп жатат. Анткени анын «крышасы» күчтүү, бирок «крышасы» күчтүүлөр деле мансаптарынан тайып жатышат. Бабырдын урпагы белгилүү мамлекеттик ишмер Сони Ганди 1995-жылы Ошко келип Сулайман тоого сыйынып кеткен. Сулайман тоодогу ыйык үжүрөнү Бабырдын таятасы Жунус хан курган. «Бабыр намэ» китебин кол башчы Закир Муканбет Бабыр (1483-1530)  жазган. Анын атасы Өмөр Темирландын небереси, 1494 – жылы Аксыда каза болгондон кийин 11 жашында мураскер катары Фергананы бийлеп калат. Бабыр өзүн өзбек, сарттардан бөлүп көрсөтүп мындай деп жазат: «Кулжа айында Шейбани хан баштаган өзүбектер бизге каршы жортуул жасады. Маргалаңдын эли сарттар булар чыр жана тынчы жок. Исфаранын эли да сарт, бирок персче сүйлөшөт. Атам жайында дайыма кыргыздын ак калпагын кийип жүрөөр эле. Атам кышында аскери менен муз аркылуу өтүп барып өзүбектерди талкалап, алар талап келе жаткан туткундар менен малдарды өз ээлерине кайтарып берди». Ушул жерде Бабырдын кыргыз экендиги даана көрүнүп турат. Бабыр кийинки согуштарда Фергана өрөөнүн таштап Афганистанга барып 1525-жылдары Пакистан, Индияны камтыган чоң империя түзгөн.

Башы мындай 1336-жылы 7-майда Самаркандын жанындагы  Кожо Илгар айылында кыргыздын моңол уруусунун барлас уругунан кербен башчы Тарагай Темир деген уулду болот. Ал мезгилде Чыңгызхандын тукуму гана хан боло алган. Ошондуктан Темир  Казан хандын (Татарстан борбору ошонун атын алган) кызы Сарай-Мүлк ханумга үйлөнүп «гүрхан» монголчодон которгондо «хан күйөө бала» наамын алат.

1370-жылы 34-жашында Темирлан  Мавераннахр мамлекетинин башчысы деп жарыяланган. Ал Алтын-ордонун ханы Өзбек хан (1312-1240) түзгөн мамлекетке каршы согушуп жеңип, кийин Орто Азия, Кавказ, Чыгыш Европа, Түркия, Афганистан, Араб, Перс мамлекеттерин камтыган чоң империя түзгөн. Амир Темир 1405-жылы 18-февралда согуштук жүрүштө катуу суук тийип 69 жашында каза болгон.

Мухаммед Хайдар 1545-жылы «Тарих-и-Рашиди» (Рашиддин тарыхы) деген эмгегинде кыргыздар Энесайдан 1501-1522-жылдары көчүп келип, ислам динин кабыл алган деп жазат. Мухаммед –кыргыз Тагайдын ислам динин кабыл алгандан кийинки аты болорун тарыхчылар иликтеп чыккан. Тагай бий Моголстанды бийлеп турган Саид хандын уулу Рашид султандын жакын досу болгон.Толубай сынчы, Алдаяр-көсөө жашап өткөн. 1558-жылы Түркстанда болгон Англиялык саякатчы Женкинсон ошол учурда Моголстан кыргыздары дайыма Кашкарга жана башка коңшуларына кол салуу коркунучун түзүп турган деп жазган.1582-жылы Осмон түркү Сейфинин жазып кеткени боюнча ал кездеги кыргыздар мусулман да,капыр да болгон эмес, алар өздөрүнүн Теңирине сыйынышкан.

1595-жылдары Үч-Турпандын түндүгүндө кыргыздын кутчу уруусунун хандыгы болгон. 1642-1661-жылдары Кашкардын алты шаарын кыргыздар башкарып турган. 1606-1633-жылдары орустарга баш ийбей  Энесай кыргыздары баскынчы орустарды чаап турган.1614-жылы  Көчүбай (Кочубей) Томскини тыптыйпыл талкалаган. Орус аскери кыргызга каршы 1615-жылы жоортул баштап жеңилип калган. Кыргыздар 1619-жылы Тобольскиде, 1620-жылы Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 1622-жылы кыргыздар Кузнецк, Томск, Обнинск шаарларында, 1630-жылы Кызыл-Жардагы (Красноярск), 1633-жылы Бектендин жетекчилиги менен Кузнецкидеги жайгашкан орус баскынчыларын чапкан. 1615-1700 –жылдары Орус мамлекетинин кысуусунда кээ бирөөлөрү мурун орун алган Ала-Тоого сүрүлгөн.

1610-1615-жылдары Ала-Тоо кыргыздары Байботокара менен Тилекенин жетекчилигинде Кашкар, Уча, Аксуу шаарларына кол салган. 1672-1725-жылдары Улуу Петр жашаган. 1691-1692 -жылдары Энесай кыргыздарынын ханы Шаңдык баатырдын орус баскынчыларына карата согуштары. 1703-жылы Энесай кыргыздарына каршы орустар чоң - чоң согуш жүргүзүп Москвага Петр падышага «кыргыз жеринде кыргыз калган жок» деп рапорт берип жиберген. Ошол мезгилде орус воевадалары кыргыздарды таптакыр жок кылуу саясатына өткөн. Көчө качканы көчө качкан, көчпөгөндөр улутун жашырышып, биз кыргыз эмеспиз дегенге аргасыз болушуп бурят, тыва жана башка элдерге кошулушкан. 1709-жылы миң уруусу башкарган Кокон ханы түптөлгөн. 1746-жылы Эне -Сайдагы кыргыз элчилери орус императоруна кайрылып, аларды зордоп көчүрүп жаткандыгына нааразычылык билдирген. Бул документ учурда Омскиде архивде сакталып турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости