www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минкаб Жапаров үр десе үрүп, ал десе алган машке  Байсалов деген бар. «Уу коргошун» министрдин кайтып келгенин өтө кубаныч менен тосуп алды. «Эл жатса да Элемандын эки улуу жатпайт» деген макал бар. Элмандын эки уулундай тантыган жагынан «Уу коргошун» экөө бирдей. Жогорку Кеңешти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов каалагандай эрмектеп, шылдыңга алчу болду. Эл өкүлдөрү чычалап, "Байсаловду президентке даттанып иштен алдыралы, намысыбызды тебелеп таштады" деген өңдүү нааразычылыктарын айтышып ыйлакташкан менен майнап чыга элек. 

Мына 6-сентябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентти "Пайдалуу кеңештер коому" деп аталган дебат клубу деп атаганы боюнча дагы маселе көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин үч фракциясы Байсаловду кызматтан алууну президентке сунуштоо чечимин кабыл алганын эске салып: "Үч фракциянын чечиминин негизинде вице-премьер-министр кызматтан кетпесе, анда Жогорку Кеңеш кетиши керек? Бизди дебат клубу деп атап, бүтүндөй элдин кадыр-баркын тепседи. Унчукпай калдык. Министр ушинтип жатса, эртең акимдер ушундай кылат», - деп нааразы болуп, каңырык түтөттү.

Ал эми спикер Нурланбек Шакиев: "Маселе президент жана министрлер кабинети менен талкууланган. Сабыр кылыңыз", - деп, Байсаловдун отставкасы боюнча маселе парламенттин күн тартибинен алынбаганын айтты.

Бийликте Эдил Байсалов деген көпкөндөн көөп баратат “Бөрк ал десе баш алган” макал дал ушул “азаматка” куп жарашат. Бийликтин камчысын колунда кармап, бийликке каршы адамдарга жулунуп чаппа десе да чаап салат. Эдил мырза эски адатына салып бийликке катуу жан үрөп жатыптыр. Анын айбаты ушунчалык катуу дейт Көк үй жайгашкан жерге жолоп болбойт экен. Кол алдында иштеген “чиништерден” тартып пол жуугучтарга чейин бетме-бет “свиданиега” чакырып, “шефтерди мактап турбасаң болбойт” анда “капут” болосуң деп ачык айтыптыр. Мындай көрүнүш эски доорлордо болчу эмес деп чоочуган кызматкерлер төртүнчү революция жакындады деп камданып алыптыр. Ким билет, булардын божомолу чын болуп жүрбөсүн. Жээнбековду деле ким кетет деп ойлоптур.

Эдил Байсалов ЖК жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып агынан жарылды. Көрсө ал жигердүү жаштарды кыртышы жактырбайт экен. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” эмеспи. Эл өкүлүнүн “өкмөттүн аппаратына эмне жаштарды тартпайсыз?” деген суроосуна, “аппарат жаштарды үйрөтө турган мектеп беле деп” оозубузду Ошко каратты. Кайран гана Эдил Байсалов, асмандан түшкөндөй сүйлөйт да. Эгер билсең ошол жаштар эртең эле сиздин ордуңузду басат. Алар тажрыйба топтоп сиздердей болгон жеп-ичкичтерди бийликтен кетирип Кыргызстанды көтөрөт. Эмне түбөлүктүүмүн деп ойлойсузбу?  Катуу айтып койдум окшойт. Бирок, чын да. Жээнбековдун бийлиги да жаштардын күчү менен алмашпадыбы. Жаштар болбогондо Эдил Байсалов эмес, Жапаров да бийликке келмек эмес. 

Кайран гана Эдил Байсалов кол алдындагыларды жөн койсо болмок. Аны түшүнбөсө кантесиң. Жакында Эдил Байсалов бардык кол алдындагыларды чогултуп “өз аймагыңардагы мамлекет башчыларын жетишерлик түрдө мактап турасыңар” деп маселени кабыргасынан койгону азыркы күнгө жарашпайт. Башы каткан кол алдындагылар эмне кылаарын билбей жүрөт экен. Ал эми депутаттардын чогулушуна жөөлөп кирип, аларды да бийликти колдоого үндөп кириптир. Бирок, көпчүлүк  бийликти колдобосун айтып Эдил Байсаловду “мат” кылыптыр. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости