www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун өкүл атасы курултайга мүчө болуп ыйгарым укуктар менен жүргөн, жакында курултайдын ыйгарым укуктарынын күнү бүттү. БШКнын жетекчиси Шайлдабекова берген мандат боюнча булардын укуктары парламент депутаттарына теңелген. Буга чейин элди үркүтүп жүргөн курултайдын мүчөлөрү шиш менен шарды сайгансып ындыны өчтү. Кочкордо Жапаровдун “Фрунзе” деген соода тармагы гүлдөп-жайнап, шаңшып  турат. Анан Кочкордон Курултайга делегат болуп Жапаровдун өкүл атасы келиптир дешет. Курултай суналып, узарып баратат, филармониянын тегереги тосулган, эмне көйгөйлөрдү чечип атат? Курултайга эл көйгөйүн чечкендер барса болмок.  Өкмөттүн чайына чакырса деле, Курултайга десе деле бары бир “дүжүр чалдар”, “акшакалдар”.

Маалымат беттеринде туура эмес маалыматтар тарады. Моюнга алыш керек Алтымыш Шаршенбаевди Жапаровдун өкүл атасы деп чыгышты. Бул туура эмес маалымат. Жапаров Анара менен менен никеге туруп үйлөнгөн кезде Алтымыш Шаршенбаев Кочкор райкомпартиясында үлкөн кызматтарда иштөөчү. Кочкор райкомпартиясын 1972 – 1990-жылдары Корчубек Акназаров, 1990-91-жылдары Төлөбек Абдиев биринчи катчылары болуп иштешкен. Андан соң Алтымыш Шаршенбаев келип, тез эле райкомпартиясынын биринчи катчысы жоюлуп, ордун аким деген кызматка алмашты. Демек ал Кочкордун биринчи акими болгон. Анын мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүүгө абдан чоң салымы бар.

Аким болуп ал 1994 жылга чейин иштеп, 1994 жылдын 31 декабрында ордуна Ногоев Арстанбек келген. Кийин ал Салыкты жетектеп, Бишкекке мэр болуп, Бабанов завод курган Пенза облусуна губернатордун орун басары болуп кеткен. Ал мезгилде 1994 жылы Кочкор аймактык казына бөлүмү ачылып, ал жерди Талант Калчаев жетектеп келет, мени ал өзүнө орун басар кылып алат. 1994 жылдын 31 декабрында Ногоев Арстанбек келгенде Талант Калчаев Кочкордо болбой калып ордуна баргам.

Алтымыш Шаршенбаев кандай аким болгон? Ал кезде Исакеев деген айыл болгон, биз аны Кочкордун “Израили” деп койчубуз. Алтымыш аке Исакеевден болгон, Ногоевден кийинки маркум Эламан Акиев да. “Аке” деп Кочкордо чоңдорду какшыкка чалып айтып койчубуз. Ал кезде акимдин жубайы Тамара эже райфинотделде биз менен иштөөчү. Жөнөкөй адам болчу, мен акимдин аялымын деп эч көтөрүлгөн жок. Карапайым эле эл катары күлүп-жайнап жүрө турган. Менчиктештирүүнүн биринчи этабында Алтымыш аке аким болуп турган, мамлекеттин мүлкүнүн менчиктештиргендин башаты анын колунда болгон. Бирок негизги менчиктештирүү ал акимдиктен кеткен соң башталды. Алтымыш акени билбейм, бирок Тамара эже жакшы өкүл эне болууга  толук укугу бар.

Бирок алар Жапаровдун өкүл аталары эмес. Жапаровдун өкүл атасы союз убагында Балыкчы шаарында ПМКда курулуш тармагында иштеген Самыйбек мырза, ал эми өкүл апасы Балыкчы шаарында 2-секретарь болуп иштеген Зина айым болгон. Бул адамдар, союз тараган мезгилде эле пенсияга чыгып кетишкен. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. Ал эми, Кочкорду "рулить" этип жатат деген Алтымыш Шаршенбаевичтин Жапаровдун таптакыр тийешеси жок.

“Мамлекеттин мүлкүн бир кезде менчиктеп алган деп айтылып жүргөн Алтымыш акеден башка эч ким жок дейсизби биздин кең Кочкордо... Эл үчүн кызмат кылган жаштар толтура” дегендер чыгууда. Бирок Алтымыш акени деле көбүнчө бийликке сын айтып жүрөт. Ал “акшакалдарга“ кошулбайт.

Депутаттарга курултайга делегат болгонго болбойт экен. Курултайга жергиликтүү кеңештин депутаттары катышууга болбойт экен, жобого ошондой каралган.  Курултай тууралуу көптөн бери иш жүрүп жатат. Кээ бирөөнүн айтымында “элге маалымат жеткирилсе барабызбы? Эч ким уккан жок... Өзүнчө бир ууч адам элдин атынан катышымыш болуп өзүлөрү шайлап алышыптыр” дешет.. Элдин үнүн жеткирген, акыйкат, чынчыл адам барыш керек. Кээ бирөө барган жеринде өз кызыкчылыгын айтып, бүтүрүп келиши мүмкүн. Элдин үнүн жеткиришине ким кепилдик берет? Жергиликтүү бийлик болсо Акылбек Жапаровдун айтканын "кыңк" дебей аткарышууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости