www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарбагыш Жапаров өкмөттөгү сарбагыштарга кыргый таранчыларга тийгендей качырып бир тийди. Сарбагыш жыттанган билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев  жана Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Эми өкмөттө жалгыз сарбагыш Жапаров калгандай. Бул эмнени түшүндүрөт? Сарбагыш Жапаров Акылбек эмне үчүн өзү таянып, колдоп жүргөн сарбагыштарды кызматтан кетирди? Же Жапаров Акылбектин да өкмөттөгү “ичер суусу” аяктап бараткандагы кербезиби? Балким качанкы бир өткөн бугу-сарбагыш кыргыны эми эске түшүп баратабы?

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Кудайберген Базарбаевдин ордуна Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеп турган Гүлнара Баатырова дайындалды.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Маалымат ылайык, министр президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган.

Окуу жылы башталганына 5 күн болду, бирок ата-эенелер базарларда балдарына китеп издеп жүрөт. Бул тууралуу 2023-жылы 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди. Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги китеп менен камсыз болуу 80,51% деп берген, бирок чындыгына келгенде бир үй-бүлөдө балдарына 10 миң сомго чейин китеп алып бергендер бар: “Базарларда китеп издеп паникага түшкөн ата-энелерди көрөсүң. Баш мыйзамга билим берүү бекер деп эмне үчүн жазып коебуз. Китептин камсыздалышы боюнча көйгөй өтө чоң болуп жатат. Китеп мафиясы боюнча учурунда министрлерге иш козголгон. Жеке типографиялар менен келишип алып, ошол мафия бүгүнкү күнгө чейин токтобой келе жатат. Бул саясатты жөнгө салыш керек, Акылбек Үсөнбековичке кайрылат элем. Китеп мафиясын жолго салыш керек. Ата-энелердин чөнтөгүнө күч келип жатат. 10 миң сомго китеп алат деген эмне? Бир үй-бүлөдө 4-5тен баласы бар...”,-дейт эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 7 миллион китеп жетишпей жатканын кошумчалады.

Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усековго билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости