www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеналиев экөө эле, Алымкадыры мүдүрүлдү. "Элге "уу коргошун" жедирем деп жүрүп эле капут болду. Аны менен кошо алжып жүргөн Эдил Байсаловдон мурункудай апыртмалар азайды. Ал эми билим берүүдө министрдин тилеги таш каап, мектеп акысыз болот, бирок бары эле арзанбы? Окуучулардан 1000 сомдон чогулта койом деген былтыр. Окуучуларга керек нерселер эле кымбаттап эсти оодарып турса, анан министр да алка-жакадан алса.

1-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталат, окуучулардын кубанычы чексиз, базарды көргөн ата-энелердин үшкүрүгү таш жарат. Анткени, кымбатчылык бул жерге да өз изин салган. Мектепке тиешелүү бардык буюм-тайымдардын наркы жогорулаптыр. Буга ушул тармакты жетектеген өкмөт жетекчисинин орун басары кандай көз карашта экени белгисиз.

Былтыр 1200 сомдон турган балдардын бут кийими 1300 сом -1500 сомго чыгыптыр. Бантик, галстуктар былтыр 100 сомдон болсо, быйыл 120 сом. Борбордук базарга баргандардын төбө чачы тик турат:

Спорттук кийимдер - 1000 -1200 сом;

Дептер - 5-10 сом;

24 барактуу калың дептер - 20-25 сом;

36 барактуу калың дептер - 25 -30 сом;

48 барактуу калың дептер - 35 -40 сом;

96 барактуу калың дептер - 45-50 сом;

Түстүү карандаш - 90-100 сом.

Азыр товарлар да "бай-кедей" болушуп, байлар ала турган сапаттуу буюмдар кымбат, кедейлер ала турган товарлар арзан болуп турат:

Ручка - 10-100 сомго чейин;

Карандаш - 5-50 сомго чейин;

Түстүү карандаш - 50-450 сомго чейин;

Бойоктор - 50-350 сомго чейин;

Маркер - 50-450 сомго чейин;

Дептер - 5-10 сомго чейин;

Жалпы дептер - 20-100 сомго чейин;

Сабактардын аты түшүрүлгөн дептерлердин тобу (10) - 250-600 сомго чейин;

Күндөлүк - 30-450 сомго чейин;

Пластилин - 60-350 сомго чейин;

Түстүү кагаз - 35-280 сомго чейин;

Сызгыч - 20-250 сомго чейин;

Предметтик китептер - 200-600 сомго чейин;

Сумка - 1000-4500 сомго чейин, былтыркы жылы 800 сомдон башталчу.

Быйылкы окуу жылында эң арзан дегенде 1800-3000 сомго канцтоварларды алса болот.

Быйылкы жылы Билим жана илим министрлиги мектеп формасына болгон катуу талапты жокко чыгарды. Жок дегенде ушунусуна шүгүр. Азыр үстү жак агыш, алды жак кара кийим болуш керек.

6-9 жашар баланын кийимдеринин баасы:

Көйнөк - 350-900 сом;

Шым - 600 -1500 сом;

Жинсы -700-900 сом;

Кыздардын көйнөгү - 500 сомдон өйдө;

Юбка - 600 сомдон өйдө;

Сарафан - 700 сомдон өйдө;

Спорттук костюм - 1000-2000 сом;

Бут кийимдер - 1000 сомдон өйдө, былтыр 800 сом болгон.

Спорттук бут кийимдер - 800-3500 сом.

Бир баланы окууга жөнөтүү үчүн орто эсеп менен 10-15  миң сом жумшалат. Дагы жакшы мунун үстүнө былтыр талап кылган миң сомду кошсок ата-энелердин көздөрүнөн жаш эмес, кан чыкмак. Аны бийлик тарап алдырып салганы дурус болду.

Окуучулар мектепке кызуу даярданып жаткан убакта "Мугалимдин макамы тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташкан. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сыйакы берилет.

Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сыйакы төлөп берүү сунушталууда.

Документте сыйакыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган белгиленген. Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.

Мектеп мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатуу тууралуу маселе козголо да элек болчу. Мугалимдин маянасы көтөрүлдү. Директорлорду комиссиядан өткөзө баштады.

Быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Мектеп акыркы ирет Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң реформаланган. Бирок, жакшы жагына эмес жаман жагына. Анткени, социалисттик идеология келечек балдардын өсүшүнө кам көрүп, мектепти өз колтугунда эркелетип, камкордукка алган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда КПСС БКнын Генеральный секретары Иосиф Виссаринович Сталин мугалимдерди тамак-аш, ун жана ишине керектүү кагаз, сыя, калем сап менен камсыз кылып турса, бул адат уланып, согуш бүткөн соң мамлекет башчылары мугалимдерди отунун түшүрүп берип, электрэнергиясын бекер кылышкан. Азыркы электрэнергиясынын наркы тапкан ташыгандын көп бөлүгүн ээлеп турганда, мындай камкордук мугалимдерди "Ардактуу кесип" деген наамга жеткизди.

Кыргызстанда билим берүү тармагы он тогузунчу кылымдын аягында жандана баштайт. Бирок туташ сабаттуулукту жоюу жок болгон, бир аймактагы бирин-экин медреселерде математика, географиядан башка диний багыттагы сабактар араб тилинде окутулган.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң каат мезгил түзүлдү. Мектепке бөлүнө турган кошумча сабактар кыскарды, окуучулардын келечеги үчүн, билиминин тереңдеши үчүн өткөрүлө турган кружоктор, факультативдик сабактар, кээ бир шарты болуп окубай калгандарга билим бере турган кечки (вечерний) билим берүүгө бериле турган акча каражаттары кан буугандай токтоп, мугалимдер "ийне жоголду" деп гана отуруп калышты.

1992-жылы болгон гиперинфляция байыгандарды ого бетер байытты, жалгыз айлыгынын көзүн күн көрүп келатышкан мугалимдерди жакырлыктын сазына тыкты. Гиперинфляцияга байланыштуу мугалимдердин айлыгы мезгил-мезгил менен көтөрүлүп турган. Айдан айга айлык алгыча кымбаттоо өсүп, анын үстундө айлык кармалып өз убагында берилбей мугалимдер ошол гиперинфляциядан аябай жапа чегишкен.

Мамлекеттик бюджеттен мугалимдердин айлыгы гана берилип, калган мектепке бөлүнө турган акча каражатынан ремонтко гана акча каралып, ал толугу менен берилбегендиктен, мектеп окуучулардын ата-энесинен материалдык жардам алуу үчүн фонддорду уюштурууга аргасыз болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости