www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир топтон бери Ош облусунда губернатор Жамалдинов Зиядин иштеринде болгон былыктары боюнча маалымат айдыңында айтылып келе жаткан. 2020-жылдын ноябрында отставкага кеткен Балбак Түлөбаевдин ордуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган көлдүк Элчибек Жантаев Ош облусуна губернатор болду. Мындан мурун Ош шаарына мэр болуп чүйлүк Бакыт Жетигенов дайындалган.
Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.
Мамлекет башчысынын чечими менен:
- Жамалдинов Зиядин Исламович КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
- Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
- Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматынан алынып, ордуна Элчибек Жантаев дайындалды, Ош тарапта губернаторго ылайык киши калбай калгансып. Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусунун активине тааныштырды. 50 жаштагы Элчибек Жантаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган.
Эмгек жолун кичи мекени Ак-Чий айылдык кеңешинде экономист катары иштеп баштаган. 2018-2020-жылдары Түп райондук администрациясынын башчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2020-жылдын ноябрында отставкага кеткен Балбак Түлөбаевдин ордуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
2021-жылы май айынан тарта Айыл чарба, суу жана токой чарба министрлигинин аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору болуп эмгектенип, ноябрь айынан баштап Мамкызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигин жетектеп келген.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында кабыл алган токтомуна ылайык түзүлгөн.«Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» буйрукка өлкө башчысы 2021-жылдын 6-ноябрында кол койгон. Агенттик Мамлекеттик кадр кызматы менен Айыл чарба министрлигинин базасында түптөлгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg