www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясын тараткан 28 ортомчу фирманын 12-си калыптыр. Булар ашаганды жакшы көргөн ортомчу фирмалар болчу. Алардын деле кереги жок ГЭС менен түз байланышта болуш керек. Артка тарыхка бир кылчая кетсек. Раззаков Исхак 1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген. 1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган. Светтин тарифи 1 тыйындан 140 сомго чейин көтөрүлгөн убак болгон. Союз убагында светтин тарифине «коммунизм» болчу. Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемалары жашап жатса да, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган.

Атамбаев Алмазбек Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 37 млн доллар Орусиядан алып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Аны чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы алып, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 700 квттан баштап 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Мурун соттолгон Турдубаев министр болор менен өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы  2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

32 жылдан бери эле тарифти көтөрсөк бардык ооруну жеңе турган пилюля катары элге сунушталып келет. Тариф көтөрүлүп эле келе жатат, 2014-жылы Атамбаев менен Оторбаевдин өкмөтү 300% көтөрүшкөн 0,77 сомдон 2,16 сомго чейин. Кана натыйжа? Ого бетерден кризиске капталдык го. Коңшу мамлекеттер 3-4 эсе тарифти кымбаттатышты, алар да дефицитке такалып, аварияларга учурап атышат. Демек, кеп тарифте эмес - жүргүзүлүп жаткан саясатта. Кыргызстан жана коңшулар глобалдык батыштын либералдык спекулятивдик экономикалык саясатында болуп энергетикабызды ушул абалга алып келдик. Эмне кылыш керек? Тармакты улутташтырыш керек. Башкармалыгы кыскарат, ортомчулар жоголот, тармак кирешелүү болот. Мурун, бир мекеме болгондо 6 миң киши иштеген, азыр - 17 миң киши иштейт. Көбү башкармалар, көчөдө трансформатор, линия оңдогон карапайым элдин балдары эмес! Эмнеге өкмөт 4,42 сомдон натыйжасы төмөн, көйгөйдү чечпеген "жашыл энергетикадан" мыйзам менен кымбат электро энергияны сатып алат? Мамлекеттик саясат ушундай болуш керекпи? 1 сомдон бере турган станцияларды курбайбы. Там салсаң фундаменттен башташ керек, чатырдан эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости