www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгиликтүү операциянын натыйжасында америкалык аскерлер Сомалиде "Ислам мамлекетинин" лидерлеринин бири Билал ал-Суданини жок кылганын АКШнын Коргоо министрлиги билдирди.

"Өткөн түнү президенттин буйругу менен америкалык аскерлер Сомалинин түндүгүндө операция жүргүзүп, анын натыйжасында "Ислам мамлекетинин" глобалдык тармагынын негизги фигурасы жана координатору Билал ал-Судани жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.

Бул террордук топтун лидери менен бирге болгон он чакты мүчөсү да жок кылынды. Алгач террористтерди тирүүлөй колго түшүрүү пландалып, бирок алар катуу каршылык көрсөтүп, өлтүрүлгөн. Америкалык аскерлердин арасында эч ким жабыркаган жок.

Америкалык чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, аль-Судани "Ислам мамлекетинин" Африка континентиндеги аракеттерин кеңейтүүнү координациялаган. Мындан тышкары, ал дүйнө жүзү боюнча бул топтун филиалдарын каржылаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости