www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маиори  деген уруунун аялдары бети башын чамбыл-ала кылышып бузушуп татуировка басып алышат экен. Көрсө бул булганган жүздөгү татуировка ар кандай маанини түшүндүрөт тура. Эдил Байсалов бүгүнкү бийликтин жүзгө тагылган «татуировкасы» сыяктуу өзгөчө мойнуна тагылган милдетти жан дили менен аткарып жатат. Жакында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты тармагында 2021-2022-жылдарга карата отчеттук иш-чарасы болду. Эдил Байсалов бул министрликти карап алып муштумун түйүп, министрликтин ишин «эскирген методдор, демилгесиздик жана мезгил талабына жооп берген жаңы идеялар жана маданияттын заманбап тенденциялары» үчүн сынга алып жүрчү. Министрлер алмашкан соң алтындай болгон Алтынбек Максүтов Эдил Байсаловго жагып турат.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз алып булактап чыкты: "Ааламдашуу алкагында модернизация, технологиялар, санариптешүү жашообузга сүңгүп кирип, дүйнө жүзүндө илимий-техникалык прогрессти өркүндөтүүгө бир катар аракеттер жүрүүдө. Ааламдашууда эбегейсиз жетишкендик болуп, глобалдык маалымат тармагынын, интернеттин өнүгүшү болуп саналат. Жаштар негиги колдонуучу катары ар кандай техникалык жаңылыктарды эң жакшы кабыл алышат жана оңой өздөштүрүшөт. Биздин жаштардын потенциалын жогорулатуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Жаштардын биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга багытталган жөнөкөй жана түшүнүктүү колдоо механизмин иштеп чыгуубуз абзел", - деди Байсалов. Байсалов ошондой эле, мамлекеттин келечеги азыркы жаштардын колунда экенин кошумчалай кетти.

Жогорку Кеңештин айрым фантасттары, активисттер, Ак үйдүн ишенимдүү алптары жана көрүнүктүү жаш саясатчылар дагы кеченин кадырлуу коногу болду. Бул жерден баса айтып кетсек сагыз чайнап чалчактап  отурган Мавлянбек Аскарбеков да кыйратып койгонсуп кеченин өтө кадырлуу адамы болду. Эдил Байсаловго таянып алып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты тармагында 2021-2022-жылдарга карата отчеттук иш-чарасында сагыз чайнап отурганы буга эч кандай уят эмес. Жок дегенде этиканы сактап ушундай байманалуу жерден сагыз чайнабай эле койсо өлмөк беле? Мавлянбек Аскарбековдой жыйынга барса сагыз чайнап, үйүнө барса  май чайнап отуруш керек го...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости