www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте сыйлуу конокторго союшту акча менен киргизген видеону көрүп кыжаалат болдум. Бул тууралуу Рысгүл Акимжанова билдирди.

Анын пикиринде кыргыздын чыныгы каада-салтын жоготпой, ашыкча "эл көрсүн" деген жасалма ысырапчылыкты жоготуу керек.

--"Кыргыздын байыртадан келе жаткан эң чон идеологиялык байлыктарынын бири-бул коомдогу жашына, статусуна, жынысына карата субординациянын өтө тыкыр сакталышы болуп келген. Субординация күнүмдүк жашоодо бардык жерде, ар бир майда-чоң нерселерде айныксыз карманып келинген. Ошондуктан эч кимде жок, бирок бизде бар аксакалдык институттар өтө күчтүү иштеп келген.

Субординациялык мамиле устукан тартууда да өтө чоң роль ойногон. Устукандан уруш чыкканын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз, демек ал аксакалдык же статустук субординация сактоо баалуулугу ошол кишилерге маанилүү экенин билсек болот. Мага ушул субординациялык баалуулук аябай жагат. Ушул каада-салттар, коомдогу мамиле аркылуу аксакалдардын ролун, жаштардын ордун, статусту сыйлоону, аялдарды барктоону каныбызга сиңиребиз. Кыргыз идентүүлүгүн сактаадо бул элементтер өтө маанилүү. Конокту сыйлап союш сойуу, устукан тартууда эмне деген кыргыздын идеологиясы, баалуулугу, уңгусу, өзөгү, меймандостугу жатат. Ар бир устукандын өзүнүн орду бар, айтылбаган сыйы бар, мааниси өтө улук.

Эми жанакы акча аркылуу "союш сойгондор" ушул каада салтты өлтүрүп, баалуулугун жоготуп, уңгулугубузду акчага теңеп ташташтыптыр. Баалуулуктарды жокко чыгарып, сый мамилени экономикалык мамилеге айлантышыптыр. Бир устуканды 500сомго баалап, баасын да бычып коюшуптур. Ушул туурабы эми, өзүңөр деле айтсанар.

Эсиңе кел кыргызым!

Кыргыздын чыныгы каада-салтын жоготпой, андан көрө ашыкча "эл көрсүн" деген жасалма ысырапчылыкты жогот!

Түштөндүрүү деген бир күндө 30 союш жеген ысырап салт болгон эмес! Болсо да азыркыдай обу жоктук форматта болгон эмес!

Кыргызда качан себет деген болду эле? Кыргыз качан "тырк этмей, пырп этмей" деп тырайчы эле? Биз үйлөнгөндө "кыз узатмай" деген салт үйүнөн аксакалдарды эле чакырып бата алмай эле, азыр үйлөнүү тойдон ашкан күркүрөгөн той.

Кытайдын брак чыгарган заводдорун байытып, байкуш мигранттардын акчасын Кытайдын экономикасына салып капкаяктагы "ылата кийиттерди" бири-бирибизге бергенди качан токтотобуз? Берсе да биздикилер тиккен кийимди эмнеге беришпейт? Баары ушу кийит операциясынан жадап чыгышкан, бирок баары жасаганга мажбур. Той-аш индустриясы аркылуу мигранттар которгон миллиондогон акчалар биздин экономикага пайдасы тийбей, кайра эле Кытай, Россия, Өзбекстан, Турция, Казахстандын экономикасын өнүктүрүп жатат. Айта берсе арман көп иши кылып.

Суранаарым, каада-салтты бурмалабагыла, өчүрбөгүлө, алар биздин уңгубуз, өзөгүбүз. Андан көрө каада-салтты жамынган, жүдөткөн, көкөйгө тийген, жадаткан ысырапкерчиликти айырмалай билип, аны токтотуш керек", - деди Рысгүл Акимжанова.

Эскерте кетсек, коомчулукта аш-тойлордогу ашыкча ысырапкорчулук абдан көйгөйлүү маселе. Эл эмне дейт, элден эмнебиз кем деп акыркы каражатын коротуп, жада калса насыя алып дүңгүрөтө той өткөргөндөр арабызда арбын. Кыргызда эмне көп? Той-аш көп. Үйлөнүү тойдон баштап, жентек той, тушоо той, үй той, юбилейлик той. Айтор санап бүтпөйсүң. Албетте ата-бабадан калган салтты унутта калтырбоо керек. Бирок биздин эл биринен-бири ашам деп ашыкча ысырапкорчулук кылып келишет. 

Бул боюнча белгилүү коомдук ишмер Дастан Сарыгулов да бир нече ирээт пикирин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости