www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Андрей Бельянинов татар, Раиса Атамбаева татар кызы болгондуктан Атамбаевдин кайынагасы катары мамилеси дурус. 2006 – жылдын 12-майынан 2016-жылдын 28-июлуна чейин Орусиянын Бажы кызматын тейлеген. Он жыл иштеп коррупционер катары, үйүн аңтарып, оор чатак менен кызматынан куулган. Үйүнөн мыйзамсыз 100 миллион рубль, 400 миң доллар жана 300 миң евро чыккан. Путиндин энелери да татар болгондуктан  Андрей Бельяниновду көп жылдар колдоп жүргөн. Бирок анын үйүн аңтарган соң миллиарддаган ичип-жегендер чыккан соң артын салып койгон.

Андрей Бельянинов Бажыканада иштеп жатканда Атамбаев аны “Кыргызстандын досу” деп мактап жатып Кыргызстандын Бажысына  Орусия миллирдаган акча бөлгөн. Арийне, ал акча кайда кеткенин Атамбаев менен Кулматов билбесе, житип жок болду. Кулматов  аркылуу Атамбаев Андрей Бельянинов менен жакшы мамиледе, Кулматовдор Андрей Бельянинов менен куда-сөөк болушат.

Бажыдан бошогон соң Андрей Бельянинов Евразия Өнүгүү банкына жетекчи болуп, Атамбаев кызматынан бошогон соң эгемендүү Кыргызстанды “туруксуз республика, атка минерлери улам алмашат” деп жамандаган.

Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов, камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан айтылууда. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келген соң ушуга тушма-туш келген. Бир катар таасирдүү адамдар менен жолугушкан. Ал түгүл бизге жеткен маалыматтар боюнча, абактан видео звонок аркылуу Владимир Путин менен сүйлөштүргөн. 

Жакынкы аралыкта Алмазбек Атамбаев камактан чыгып, дарыланууга чет өлкөгө кетиши мүмкүн. Бул боюнча Кыргызстандын жетекчилери менен макулдашуулар болгон. Дээрлик 3 жылдан бери абакта отурган Атамбаевдин айыбын далилдей албай жатышат. Ал 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага Июнь окуясы, Батукаевдин иши ж.б. боюнча бир нече айыптар тагылган.

Атамбаев 300 сомго Кытайга тартулаган «Иштамберди» кенин эч ким кайтарып алган жок. Өкмөттүн инвесторлор үчүн өтө жагымдуу шарт түзгѳн мындай токтомуна Жантөрө Сатыбалдиев шыкак берип турган. Албетте, Алмаз Атамбаев «Иштамберди» кенин Кытайга 300 сомго сатып жиберип, эмгиче Улуу держава бул кенди каалашынча пайдаланып жатканды билбейт окшойт. Иш жузундѳ Атамбаев 300 сомго Кытайга тартулаган «Иштамберди» кенин ал кайтарып алган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

Последние новости