www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Руслан Казакбаев тышкы иштер министрлигин жетектеп, жаңы бийликтин бутуна турушуна, сырткы саясатты чыңдоого кыйла салым кошкон.

Мындайча айтканда, бийликке бел болгон эле. Анын бир кемчилиги – досу Өмүрбек Бабановдон ажырай албай, ага айрым сырларды айтып койгону, ушул жагынан шек жаратканы кооптондуруп келгенби?

Акырында Руслан мырза Түркияга элчиликке жөнөтүлгөн. Оор шарттагы эмгеги бааланып, талаада калган жок. Бир чети Бабановдон алыстатуу ишарасы көрүлдү окшойт. Бирок, кызыгың түшкүрдүкү десе, киндиктеш сыңарындай, Казакбаев менен Бабанов баары бир мамилесин үзбөй, ушу кезге чейин ачык да, жашыруун дагы сүйлөшүп келишерин айтышты.

Максаттары купуя сырбы? Эгиз сыңарындай достор бийликке жетүүнү самашабы? Азырынча андайга Камчыбек Ташиев жол бербесе керек. УКМК деген “укуругу”, катуу рычагы бар да...

Булак: "АЗИЯnews" гезити

Последние новости