www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-октябрда ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев УКМКга суракка барып чыкты. Эмне тууралуу соболдор берилгени ачыкталган жок. “Камчыбек Көлбаевге топурак салганы үчүн чакырылды” деген божомолдор айтылды.

Негизи кызык жагдай бар да. Камчыбек Ташиевдин душманы Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырап атса, Акылбек Түмөнбаев катуу каршылык көрсөтүп, комиссия түзүүгө жан үрөгөн. Коллегасы үчүн эч жалтанбай болушуп, позициясына бекем турган эле. Анан көп өтпөй Көлбаев атылганда кайгырып, жаназасына барып, топурак салды.

Бул көрүнүш да Ташиевге карата протесттик кадам экени, ачык сындабаса дагы кастарын тигип турганын байкатты. Мындан аркы кадамдары кандай болот? Президенттин кудасы катары эле кыр көрсөтүп келгенби, же өзүнүн ички духу, кайраты да барбы?

Эгерде Түмөнбаев чындап эле Ташиевге каршылык көрсөтсө, камалып кетпейби? Негизи маселе курч мүнөзгө айланып баратат да, байкалып эле атпайбы. “Коркпойм, көрөбүз...” деген сөздөр бекер жерден айтылбайт го?

Булак: АЗИЯnews гезити

Последние новости