www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Өмүрбек Бабановго "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматта Канатбек Исаев менен кошо кармалган үч адам президенттикке талапкерлигин койгон Бабановдун тарапкерлери менен бирге бийликти күч менен басып алууга даярданышканы айтылат. Азыр бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул "Республи-ка - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон экинчи кылмыш иши. Башкы прокуратура 4-ноябрда Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-стать-ясынын биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштыруута ачык чакыруу"), 299-статьясынын биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Учурда Бабанов чет өлкөдө баш калкалап жүрөт.

Өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган. Бирок бийлик менен жарашууга болгон бул аракетинен дагы майнап чыкпай, биротоло саясатка кайтып келгис болуп тапталганы калды...

Булак: Фабула
 

Последние новости