www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште ушул тапта Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаалдын себебин иликтөө боюнча депутаттык убактылуу комиссиянын жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга мурдагы экономика министри Темир Сариев катышып жатат. ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин суроосуна Темир Сариев күнөөлүүдө болуп жооп бере албай жатат.
Мыктыбек Абдылдаевдин,
--Кытай тарап 386 млн АКШ долларын “Инексим” банка аркылуу акчаны накта которгонбу же товар иретиндеби?, - деген суроосуна
Темир Сариев,
--Билишиме караганда тектиктер ошол жакта калып атты да, калгандары бул жакта калып аттыда, деп жаш балача мукактанды.
Эске сала кетсек, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызын эскертип, ал маселе боюнча билдирүү кылды. Элчи: "Кытай жеңилдетилген насыяларды берген. Биз билебиз, ал насыядан Кыргызстан пайда көрдү. Алынган насыяны кечүү макулдашуу менен гана болушу мүмкүн. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт. Алган акчаны кандай иштеттиңер ал силердин ишиңер», деген.
Албетте, карызга берген акчаларды ким эле кече койсун. Элчи айткандай Кытайдан алынган насыялардын пайдасы жалпы Кыргызстанга анчалык жарык чача албады. Карыздарын кечип жүргөн бийлик көнүп калганбы, Кытай бийлигин да алдап көрөлү деп “попытка” кылып көрдү окшойт.
Демек, чындык чыга келсе, күнөөлүүлөрдүн катарын, Тышкы Иштер министри катары да толуктап, Темир Сариевдин башы кылтыйды. Чындык чыга келсе, демек, “президент боломун” деп, чапчынган Темир Сариев дагы камакка алына тургандыгы билинип калды.
Булак: NazarNews.kg