www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартта болуп өткөн КСДПнын жашыруун курултайы, анда экс-президент А. Атамбаевдин төрага болуп шайланышы, курултайдан кийинки өткөрүлгөн маалымат жыйыны тууралуу коомчулукта кызуу пикирлер айтыла баштады. Алардын көпчүлүгү КСДПнын бул курултайы жөн гана жыйын болуп калганын жана ал өз деңгээлинде өтпөй, партиянын саясий кризиске тушугуп калганын белгилешүүдө.

Мисалы, коомдук ишмер Алмаз Акматалиев бул курултайды курултай деп деле эсептебей турганын маалымат булактарынын бирине билдирген:  «Чынын айтканда мен бул курултайды курултай деп эле эсептебейм. Бул жөн эле Алмаз Атамбаевди саясий аренага алып келүүнүн бир ыкмасы. Менин оюмча делегаттар деле шайланган эмес. Шайланса дагы, көмүскө эле «Сен барасың, мен барам» дегендей эле болгон болушу керек. Андыктан ага ким келди, ким келген жок, бул маанилүү маселе эмес. Кандайдыр бир саясий ыкма менен Атамбаевди саясий аренага чыгарыштын бир жолу болчу. Ал жолу жакшы өттү. Мурунку президент аренага чыкты», - дейт ал.

Ырасында эле бул курултайдын күн тартибиндеги жападан жалгыз маселе партия төрагасын шайлаш болгон. Бирок, ошого дагы тиешелүү деңгээлде уюштуруу иштери жасалбаганы маалым болду. Эптеп эле А. Атамбаевди кайрадан саясий аренага сүйрөп келүү аракети жасалганы айдан ачык болду.

Курултайдан кийинки маалымат жыйынында А. Атамбаевдин айткандарынан улам президент менен экс-президенттин ортосунда өтө чоң ажырым пайда болгону билингенин да А. Акматалиев белгилейт. «Мени тынчсыздандырган 2-3 нерсе бар. Биринчиден, Алмаз Атамбаев айтты: «Биз 2-3 күн мурун төрт жарым саат сүйлөштүк» депчи. Ошол төрт жарым саат сүйлөшкөндөн кийин анан курултайдан кийинки маалымат жыйынында ушундай ачуу сөздөр айтылганы, бул өтө ойлончу нерсе. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Төрт жарым саат сүйлөшкөндө жыйынтык болгон жок. Демек, ажырым өтө чоң», - дейт ал.

«Экинчиден, ар бир бийликтин ичинде өзүнүн «кухнясы» болот да. Ошол «кухняда» чоң маселелер бар экени билинди. Алмаз Шаршенович айтып атпайбы: «Коопсуздук кеңешинде башка доклад даярдалган, башка докладды окуп салды» деп. Башкача айтканда, ал жактан бир маалымат кетип атат. «Бул докладды даярдадык эле, анан ал башка докладды окуп салды» деген. Анан дагы «Биз мурун Коопсуздук кеңешинде чоң стратегияны аныктачу элек, сен болсо балдарың форма кийип жүрөбү, же жокпу» деген маселелер айтылып атат. Бул өтө маанилүү нерсе. Азыр аппараттын кызматкерлери да эки анжы ойдо болуп атканын айгинелейт. Азыр мен ачык эле айта алам, мурунку президент менен азыркы президенттин ортосунда ажырым кетти. Азыр аппаратта иштегендер үчүн да өтө оор болуп атат. Же эски «шефине» да ачык айта албай, же жаңы «шефи» да көп ишенбей турган өтө жаман акыбал», - деп кошумчалайт ал.

Экс-президент А. Атамбаев президент С. Жээнбековду же колдой турганын айтпаганын, же ачык түрдө катуу сынга алууга да барбаганын А. Акматалиев белгилейт.

«Мен эки жолду күткөм. Биринчиси, «толук колдойбуз, жаңы президент туура кылып атат. Себеби КСДПнын партиялык программасы ушундай болчу, коррупцияга каршы күрөшөбүз, биз баштадык эле булар улантып атат, азамат» деген. Экинчиси, «Бул таптакыр туура эмес жол, мындан качыш керек» дегенди күткөм да. Тилекке каршы, эң жаман нерсе болду. Же колдогон жок, же ачык катуу сынга барган жок. Ошондуктан азыр бир чоң өзгөрүүлөр болушу керек», - дейт коомдук ишмер.

Ал биринчи кезекте кадрдык өзгөрүүлөр болушу керектигин, себеби саясатты кадрлар жасай турганын белгилейт. Аппараттын ичинде сүйлөшүлгөн сөздөрдүн сыртка чыгып кетип атканы да жакшы иш эмес экенин айтат.

Булак:http://telegra.ph

Последние новости