www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мезгилде “Эркем менин”, “Чын эле мен сени таптымбы?” аттуу ырларды аткарып, кыргыз элине таанылган “Кыз бурак” тобунун экс-солисткасы Айпери Сыдыкова менен чакан маек.

- Салам, Айпери! Борборго келгениңе көп убакыт болдубу?

- Бишкекке келгенибизге жарым жылдай болуп калды. Жолдошум Москвадагы академиялардын бирине бир жылдык окууга кеткендиктен, мен ал убакыт аралыгында кайын журтум менен Ошто жашап турдум. Окуусун бүтүп келген соң кайрадан борборго келдик. Эки наристелүү болуп, аларды тарбиялоо менин моюнумда болгондуктан, сахнаны унутта калтырып турдум. Жакында эле “Жашоо керемет” аттуу жаңы ырды жаздырып, чыгармачылык менен кызуу иштеп баштадым.

- Сахнада жүргөнүңө канча убакыт болду?

- Эң алгач сахнага “Кыз бурак” тобунда ырдап чыккам. Ал жерден өз алдынча эки, үч ыр жаздырып, клип тарттырып көргөм. Кийин топтон кеткени чыгармачылыгымда бир аз тыныгуу болуп, андан соң жеке ырчы катары “Айпери Сыдыкова” деген ысым менен шоу бизнеске кайттым. Сахнага чыкканыма билинбегени менен он жылдан ашып калыптыр.

- Жеке ырчы болуп ырдап чыкканың өзүң үчүн пайдалуу эле жемишин берип жатабы?

- Жеке ырчы болгон абдан жеңил жана оңой. Топто ырдаганда кыздар менен бирге ырдайбыз. Ал жерден бир кыз кайырмасын баштаса калганыбыз да аны туурап ырдашыбыз керек. Баары окшош болушу зарыл. Кыймыл-аракеттерибиз, бийибиз да бир темпте кармалчу. Азыр жеке ырчы болуп каалагандай ырдап, сахнага чыкканда да өзүмдү эркин сезип, каалагандай бийлей берем. Жемишин жакшы эле алып жатам. Өзүмдүн чыгармачылыгыма жетиштүү акча каражаттарын табам. Каалагандай басам, турам, өзүмдүн оюмдагыдай кийим-кечектерди кийип, көңүлүмдөгүдөй ырларды жаздырып жатам.  

- Алдыда сенден кандай жаңылыктарды күтсөк болот?

- Азыркы тапта өзүмдү толугу менен чыгармачылыкка салып, кызуу иштеп жатам. Жакында жаңы клиптер тартылат. Андан соң эң башкы максатым болгон жеке концертимди берүү тууралуу ойлорумду ишке ашырам.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости