www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы курулган жолдор жазында кайра бузулуп жатат. Мындай абал ордо калаада эле эмес, бүткүл өлкө аймагында кездешет. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кезектеги жыйынында билдирди. Бул тууралуу ЖК Басма сө кызматы шилтеме берди.

«Мындан 40 жыл мурда салынган жолдор ущул кезге чейин сакталып келет. Ал эми былтыр курулган жолдор быйыл кайра бузулууда. Ушу кантип болсун. Мамлекеттин каражаты бекер чачылып жатат. Тийиштүү чараларды көрүш керек», - деди депутат.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөт бул маселе боюнча иштеп жатканын билдирди. «Буга чейин төшөлгөн асфальттын сапатын текшере турган лаборатория жок экен, азыр көчүп жүрүүчү жаӊы жабдуулар сатылып алынды», - дейт ал.

Ал эми транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов курулган жолдорду кабыл алуу боюнча жаӊы жобо иштелип чыкканын кошумчалады. «Жобого ылайык, Транспорт жана жол министрлиги курулган жолдорду кабыл алууга катышпайт», - деди ал.

Албетте, "илбирс" секирикти мыкты өздөштүргөн депутат Сайдулла Нышановдун бул секиригин мыкты деп айтпай кеткенге болбойт. Мунуңузга "5" Сайдулла мырза.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости