www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакта айрым маалымат булагында Бабанов Атамбаевке кошулду деп, тимеле никеси жаңы кыйылгансып жар сала баштады. Атамбаев президент болгондо эмне кылды? Эптеп Бабановду “ноктолоп” токтотуп президент болуп алган соң 1 жыл өкмөт башчысы кылып көчүккө тээп кууп чыкты беле?
Жогорку Кеңештин депутаты эс алуу өргүүсүндө “өөргүп” жүргөн Мирлан Жээнчороевдин берген маегинен:
– Бабанов менен сүйлөшүп жатасыздарбы, ал өлкөдөгү абал боюнча эмне деп жатат? А өзү качан келет?
-Албетте, Өмүрбек Токтогулович менен кабарлашып, сүйлөшүп турабыз. Ал баарынан кабардар. Өзү жакында келет. Өз өлкөсү, өз эл-жери, сөзсүз келет.
Бабанов Атамбаевке өтсө келе алмак эмес. Куйругун кыпчып, ошол жактан колдомок. Бабановдун бүгүнкү саясатка ысык-суугу деле жок, келе жаткан парламенттик шайлоого таасир тийгизиши мүмкүн, бирок парламентке Бабановдун партиясы эки ирет келип эмне өзгөрүү кылды?
«NazarNews.kg»