www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Как-Көл жана күн батыш тарабындагы Кара-Чий  чөлкөмүн көзөмөлгө алуу максатында заманбап үлгүдөгү санарип  PTZ -камерасы орнотулду. Видеокамеранын күнү-түнү иштөө менен  бирге адамдын жүзүн бир чакырым аралыктан таануу мүмкүнчүлүгү бар. Камераларды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 136 миң сомго сатылып алынды.

Баетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Мадина Мыдыкееванын айтымында камералар айыл өкмөттөгү адистердин уюлдук телефондоруна кошулуу. «Бул чөлкөмдөргө таштанды абдан көп төгүлүп, толуп чыгат. Аны мамлекеттик кызматкерлер  ар ишемби тазалап, азабын тартып жатат. Ошол себептүү көзөмөлгө алуу үчүн коюлду. Адамдын жүзү гана эмес, унаанын номерине чейин даана көрсөтөт. Эгерде кимде-ким аталган чөлкөмгө таштанды таштаса, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынат»-деди.

Последние новости