www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэриясынын Жаштар театры 1-майда расмий түрдө ачылып, алгачкы премьерасы көрүүчүлөргө сунушталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаарынынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, акын-жазуучулар, маданияттын мыкты ишмерлери жана шаар тургундары катышышты.

Театр өз ишмердүүлүгүн казак акыны Мукагали Макатаевдин чыгармасынын негизинде коюлган “Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?” аттуу мюзикл-драма спектакли менен баштады.

Театрга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын ысымы ыйгарылды. Бул чечим театрдын руханий багытын бекемдеп, анын улуттук жана дүйнөлүк маданий баалуулуктар менен байланышын чыңдоого багытталган.

Последние новости