www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн желим баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милициянын кенже сержанты Э.А. саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары, милициянын кенже сержанты Э.А. жогоруда көрсөтүлгөн далил зат катары алынган кочкул-күрөң түстөгү баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча Бишкек шаарынын “Жал”  кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык  зат табылып алынган.

"Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын  4 жараны:  29 жаштагы Ч.М менен жаштагы  Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.

Мындан сырткары, жогорудагы жарандарды  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушары тастыкталды.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. тергөө аяктаганча тергөө абагына камакка алынды.  Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, мыйзамды бузгандардан, бангизаттарын пайдалангандардан тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө.

Последние новости