www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Исхак мырза, көзү тирүү болгондо атаңыз Абсамат Масалиев быйыл апрель айында токсонго чыкмак. Айтсаңыз, Абсамат аба саясатчы эмес, ата катары кандай киши эле? Катуу кармачу беле сиздерди?

-- Катуу эле кармачу. Айрыкча мени менен иниме талапты катуу койчу. Катуу тилдеп, же кол көтөрчү эмес, бирок жай сүйлөп, чучукка жете турган сөздөрдү айтып койчу. “Эмне болду?” деп жекире тиктегенде эле кирерге жер таппай калчубуз. Биз пионер лагерь, пансионат дегендерди билбей чоңойдук. Өмүрүбүздө бир жолу, 7- класста бекен, пионер лагерге барганбыз.

“Биз да барабыз” деп ыйлактай бергенибизден, БКнын пионер лагери болчу эле, ошого жиберген. Үч күн жүргөндөн кийин өзүбүз качып кеткенбиз. Жайкы каникул болгондо “силерге чоң атаңардан калган пансионат жок, төлөй турган ашыкча акчам да жок, ошон үчүн барар жагыңар Кадамжай району, Алыш айылы” деп даректи айтып койчу. Кечинде дегеле көчөгө чыгарчу эмес, “караңгыда жүрбөгүлө” дечү. Атам биз уктап аткан маалда жумушка кетип, кайра биз уктап калганда келчү. Тентектик кылсак, апамдын бизге айткан эң катуу сөзү “кечинде атаңар келгенде айтам” дечү.

-- Башка жетекчилер деле ошондой катуу кармачу беле балдарын?

-- Баары эле. Балдарын өзгөчө катуу кармаган Арстанбек Дүйшеев болчу. Төрт баласы бар эле, аябай бекем кармачу. Сүйүнбаевдин эки кызы, чоң уулу да катуу тарбия көрүштү. Төрөбай Кулатовдун балдарынын дегеле үнү чыкпайт эле. Кулматовдун уулу Кубаныч менен чогуу чоңойдук. Жалпы талап катуу болчу да. Айрым министрлердин, алардын орун басарларынын балдары чалчактаган учурлар болгон. Атасына кызмат кылгандар кой-пой алып келишчү да. Ал эми эң жогору даражадагылар антип эркелетчү эмес.

-- Апаңыз биринчи катчынын жубайы болсо да, бир да жолу элдин алдына чыкканын көргөн эмеспиз...

-- Бир жолу Индиянын премьер-министри Раджив Ганди аялы менен келгенде чыккан. Протокол боюнча конок аялы менен келгенде тосуп алган тарап да сөзсүз жубайы менен чыгышы керек экен. Атам “тышкы иштер министри менен чыгайын” десе, Горбачев “жок, болбойт, аялыңыз чыксын” деп коюптур. Ошондон улам аргасыздан чыккан. Башка чыккан жок. 1-май, 9-майдагы майрамдарда парад болгондо неберелерин жетелеп барат эле, бирок президиумда эмес, элдин арасында турчу.

-- Велосипедиңиз бар беле?

-- Жок. Балдардыкын тепчүбүз. Кийин 8-9-класста резиденцияда жашап атканда Бегалиевдин, Сүйүнбаевдин, Кулматовдун балдары менен чогуу тепчүбүз. Ал эми айылда, шаарда велосипедим болгон эмес. Муз тоңуп калганда коньки тепчүбүз. Бир жолу апамдын төшөктөрүн кыркып, бутума дарбазачынын калканчын жасаганым эсимде. Фирмалык клюшкам да болгон эмес, аны да фанерадан кесип, жасап алгам (“Советский хоккей” деген журналдан көргөм да).

-- Кесип тандооңузга атаңыздын таасири тийдиби?

-- Ооба. Мектепти жаңы бүткөн кезде МГИМОго тапшырып, дипломат болоюн деген максатым бар болчу. Тапшырам деп көгөрүп туруп алсам, бир күнү атам справочник алып келиптир. Анда бул окуу жайга тапшыруунун эрежелери жазылган экен. Биринчиси, Борбордук Комитеттин саясый бюросунун сунушу болсо, же эки жыл бир жерде кара жумушта иштеп, бүтүрүү экзамендерин жалаң “5ке” тапшырса гана конкурссуз кабыл алат экен. “Сенин болсо бир-эки сабактан “4үң” бар, кантип тапшырасың?” деди. Ташкенттеги Чыгыш университеттин айтсам, ага да көнбөдү. “Өзүбүздүн эле университеттин тарых факультетине тапшыр. Ал факультетти Карыбек Молдобаев, Кеңеш Кулматов бүткөн. Ким билет, балким сен дагы 20-30 жылдан кийин депутат болуп каларсың” деди.

-- Абсамат ава кайтыш болгондо жанында белеңиз?

-- Шаарда элем. Жалал-Абадга барып келген соң мени менен жолугушуп, анан дачага кетти (апам экөө дачада жашап атышкан). Август айы эле, күн аябай ысып аткан. Аңгыча эле “атаңдын абалы начарлап калды” деп чалышты. Мындай иш башыман өтпөгөндүктөн, “жанымда бол” деп Болот Шерди ээрчитип алып дачага барсак, атам кыймылсыз жатат. Атайын оорукананын врачтарына чалсак, “бара албайбыз, бензинибиз жок” дешти. “Бензиниңерди куюп берейин” деп эптеп-септеп алып барсак, кеч болуп калыптыр... Байкуш Болот Шер бозүйлөрдү тиктирип, Элмирбекке кошок жаздыртып, уюштуруу иштерин бүт өзү жасаган.

Булак: Азия News гезити

Последние новости