www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизатты жутуп алып түрмөгө алып кирүүгө аракет кылган курьер кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер абактардын бирине келген мурда соттолгон Х.Ф. аттуу жарандын ашказанында баңгизат бар экенин аныкташкан. Андан соң ичинен медициналык шприцтердин цилиндринен жасалган үч контейнер гашишке окшош зат чыгарылган. Булардын жалпы салмагы 30 граммды түзгөн.

Аталган факт Эреже бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости