www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи эле кыргыз эле жаңыланууга даяр эмеспиз. Мисалга, "Коопсуз шаар" долбоорун учурда ары калчап, бери калчап жаман жактарын издеп таап, мүмкүн болсо аны иштетпей коюууга даярбыз. Тоодон жаңы эле түшкөнсүп, дагы эле ошол эле ахыбалда экенибизди сезбей жаткандай элес калтырат. Башка мамлекеттер эчак эле бизден алдыга кадам таштап, инновациялык ыкмаларды колдонуп, жашоолорун жакшыртып келет. Биз болсо тескерисинче, жаңы нерседен качабыз...Жашообуз ошол бойдон эле. Баягы эле "чекеге чыйкан" болуп чыккан чиновниктер эле байып, ошол эле таз кейипибизди кийип жүрөбүз. Алардын акчаларына кызыгып, өзүбүз эле ошонун баардыгына себепкербиз. анткени добушту бир тыйынга сатканбыз.
Балдарыбыз менен кошо үйүбүз өрттөнүп жатса деле, анын себебин билбей эле баягы эле аялды күнөөлөйбүз. Ошондой эле, аялдамада киши кулап калса деле баары бир кайдыгер мамиле кылабыз. Үй-бүлөлүк институттун тийиштүү деңгээлде иштебегендиги, ички жана тышкы миграция, кароосуз калган балдар жана улгайган ата-энелерин бакпай басып кеткен жаштар, ар кимге "жем" болуп кеткен кыздарыбыз, киши колдуу болуп чет жактардан каза тапкан уулдарыбыздын чырпыктай болгон өмүрлөрү, төрөлбөй калган жана никесиз жарыкка келген балдар мунун баары азыркы учурдун көйгөйлөрү. Буга ким күнөөлүү деп суроо салсак, баягы эле эл өзү күнөөлүү деген жыйынтыкка келесиң. Анткени эл өз укугун билбейт, билим алат, бирок ошол билимдин баркы жок. Жумуш бар, бирок маяна аз, ага ынанбагандар башка мамлекеттерге тентип кетишүүдө.
Мамлекетибизди болсо ар ким каалагандай тоноп кетип, Американын болобу же башка өлкөго барып баш паанек таап, жыргал жашоодо өмүр сүрүшүүдө...
Аттиң ай, кыргыз эли дагы эле кыйналып жүрө бер, картошка эгип, пахта эгип, маңдай териң менен акча таап. Кантсе дагы кыйналып иштеп тапкан акча жугаары белгилүү.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg