www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден 2-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу баарлашкандыгын Ак үйдүн интернет барагы шардана кылды.

Байден өз маектешин Донбасста жана Крымда жүрүп жаткан орусиялык баскынчылык кезеңинде Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн Вашингтон кыйшаюусуз түрдө колдойт деп ишендирди.

АКШ президенти өз өкмөтү президент Зеленскийдин жемкорлукка каршы күрөшүүгө багытталган жана демократиялык баалуулуктарга негизделген реформаларды илгерилетүү долбоорлорун колдоо жаатында стратегиялык өнөктөш бойдон кала берээрин баса белгиледи. Ак үй дал ушул асыл-нарктар Украина элинин акыйкаттыгына, коопсуздугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө кызмат кылат деп эсептейт.

Эки лидер тең бул реформалар Украинанын Евроатлантикалык ынтымакка мүчөлүккө умтулууларынын өзөгү экендигине макул болушту.

Эки өлкөнүн президенттери ошондой эле "COVID-19" пандемиясына каршы күрөштө АКШ менен Украинанын тыгыз кызматташтыгынын маанилүү экендигин белгилешти.

Жума күнү эртең менен, Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жаатташкан тараптардын ортосундагы тилкеде "өтө опурталдуу" кырдаал жаралды деп билдирген. "Интерфакс" кабар агенттиги Песковдун украин куралдуу күчтөрү тарабынан "бир нече чагымчыл аракет" жасалгандыгы жөнүндө айткандарын жазып чыкты.

Бул аймакта соңку күнү ок атышуулар болгондугу жана акыбал кооптуу экендиги кабардалды.

2014-жылы жазында Орусия оболу Крым жарым аралын каратып алган, андан соң москвачыл жикчил күчтөр Орусиянын тымызын жана ырааттуу колдоосу астында Украинанын чыгышындагы айрым аймактарды өз көзөмөлүнө алып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости