www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев кайсы маанилүү документтерге кол койду?

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйын Москва шаарында өткөн. Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу, эл аралык жаштар, туризм жаатындагы кызматташуу стратегияларын жүзөгө ашыруу иш-чараларынын пландарын бекитишкен.

Министрлер кол койгон долбоорлор:

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу долбоору;

КМШга мүчө мамлекеттердин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимдин долбоору;

1992-жылдын 9-октябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана аралыктан байкоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;

Куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатында КМШга мүчө мамлекеттерди базалык уюштуруу жөнүндө чечимдин долбоору.

Казакбаев баяндама жасап жатып министрлерди Шериктештиктин ичинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө жана тоскоолдуксуз жүк ташуу транзитин камсыздоого чакырды.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки отуруму 2021-жылдын 14-октябрында Беларуста, Минск шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости