www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмдүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Шакиров Эне жана баланы коргоо борборуна дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяга кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлап, иликтөө аягына чыкканга чейин оорукана жетекчиси, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн жетекчиси жана медайым иштен кеткенин билдирди.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөт», - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады. 

Өз кезегинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости